Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Кыш сыноосу Кытайга, Японияга жана Индияга келди


Калың жааган кардан улам Кытайдын түндүк батышындагы Синзян-уйгур автономиялык регионунда 220 миңдей адам камоодо калып, алардын 100 миңи коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Ырасмий Синхуа агенттиги аба ырайыны катаал сыноосунан Алтай аймагында жашаган монгол жана казактар катуу жабыр тартышканын билдирди.

Япониянын түндүгүндө жана батышында калың кардан улам жолдоор буулуп калып, жардамга аскерлер чакырылды.
Кийодо агенттиги катуу кардан Японияда өткөн жумада 60тан ашуун адам набыт болгонун билдирди.

Индиянын байтакты Жаңы Делиде акыркы 70 жылда болуп көрбөгөндөй катуу суук түштү.Өлкө түндүгүндө суукта 126 киши тоңуп өлгөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG