Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Курманбек Бакиев менен Цзэн Цинхун Астанада ШКУ саммити тууралуу ой бөлүштү


БИШКЕК. ШКУнун кезектеги саммитинин жогорку деңгээлде өтүшүнө Кыргызстан тарап башкы өнөктөш катары эл аралык нормалардын алкагында бардык аракетин жасайт. Президент Курманбек Бакиев Кытай Эл республикасынын төрага орун басары Цзэн Цинхун менен 11-январда Астанада жолукканда ушундай пикирин билдирди. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин инаугурациясынын алкагында өткөн бул жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтык жараяндарын талкууга алышты. Цзэн Цинхун өз сөзүндө Кыргызстанды Кытайдын Борбор Азиядагы башкы өнөктөшү, ал эми соода-экономикалык мамилелерде экинчи өнөктөшү катары белгиледи.
Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Шанхай Кызматташтык уюмунун кезектеги саммити 2006-жылдын июнь-июль айларында Кытайда өтөрү күтүлүп жатат. Мындан мурдагы саммит Астанада өткөн.

XS
SM
MD
LG