Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮНӨН ЧЫККАН МАСЕЛЕ КУРЧУП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага 10-январда Иран өзүнүн дагы бир өзөктүк ишканасындагы мөөрлөрдү алып салып, аны кайрадан ишке киргизди. Тегерандын бул аракетин Батыш мамлекеттери дагы, Орусия дагы катуу сынга алды, Өзөктүк кубат боюнча агенттик болсо - эгер Иран бул аракеттерин улантса, анын маселеси Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин кароосуна жиберилиши мүмкүн деп жарыялады.

Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселени Бириккен Улуттардын күн тартибине коюуну Вашингтон көптөн бери эле талап кылууда. Бирок аны айрым европалык мамлекеттер жана эл аралык уюмдар акыркы мезгилде жактырбай келген. Иракка каршы аракеттер дагы 2002-2003-жылдарда дал ошондой ыкма менен көрүлгөндүктөн, эгер Бириккен Улуттар Тегеранга каршы дагы чектөө жарыялап, эскертүү жасаса, акыр-аягында ал күч колдонууга алып келиши мүмкүн деген чочулоолор күчтүү.

Ошондуктан үч европалык мамлекет - Алмания, Британия жана Франция Тегеран менен бир нече сүйлөшүү жүргүзүп, 2004-жылдын ноябрында анын өзөктүк ишканаларын убактылуу токтотууга жетишкен. Маселе Коопсуздук Кеңешинде каралса, ага каршы добуш бере турганын Маскөө да билдирип келген, бирок былтыр Ирандын президенти болуп Махмуд Ахмадинежад шайлангандан кийин, абал өзгөрө баштады.

Былтыр августта Иран өзүнүн Исфахан шаарындагы өзөктүк ишканасын кайра ачты, 10-январда болсо Натанз шаарындагы ишкана дагы ачылды. Тегеран жетекчилигинин айтымында, бул ишканалардагы уран байытуу эксперименттери өзөктүк курал чыгарууну көздөбөйт, бирок Натанз ишканасын Иран мурда дүйнөлүк коомчулуктан 20 жыл бою жашырып келгени белгилүү.

Тегерандын бул аракеттери Батыштын гана эмес, Маскөөнүн да сынына кабылды жана Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов ал тууралуу 10-январда атайын билдирүү жасады. Иран маселесин Бириккен Улуттарга өткөрүп берүүдөн акыркы мезгилге чейин баш тартып келген Өзөктүк кубат боюнча агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи дүйнөлүк коомчулуктун сабырдуулугунун да чеги бар деп билдирди. Ал эми Алманиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайердин айтымында, мындан ары Иран менен бул маселе боюнча дипломатиялык сүйлөшүү жүргүзүүнүн кажети да жок болуп калышы мүмкүн.

Британиянын тышкы иштер министри Жек Стронун айтымында, дүйнөлүк коомчулук түзүлгөн абалды жакшылап талкуулап чыгыш керек: "Эл аралык коомчулук үчүн абдан оор абал түзүлдү. Президент Ширак айткандай, бул Ирандын олуттуу катасы жана биз аны бардык жагынан талкууга алышыбыз керек", - деди Стро 10-январда.

Айрым эксперттердин пикиринде, АКШ азыр Иранга каршы күч колдонуу планын даярдап жатат жана сокку урула турган буталарды аныкташ үчүн Ирандын аймагына атайын тыңчылар да киргизилген. Президент Жорж Буштун жардамчыларынын айтымында, Иракка каршы көрүлгөн аракеттер Иранга каршы кайталанбайт, бирок баары болушу мүмкүн.

Иранга каршы аскерий соккуну кошуна Израил жасашы мүмкүн деген да маалыматтар бар, анткени мурда Ирактын Осирак деген аймагында Франция өзөктүк реактор куруп бергенде, Израилдин учактары Ирактын аба мейкиндигине кирип, 1981-жылы аны жөн гана бомбалап жок кылып салган.

Маселе Бириккен Улуттарда каралса, Иранга каршы чара көрүү чечимин Маскөө колдой турганы да азырынча белгисиз. Анткени айрым орусиялык эксперттердин айтымында, Батыш маселени атайылап курчутуп жатат. Мисал үчүн, Тегеран менен дипломатиялык мамилеси жок болсо дагы, АКШ аны менен бир топ кеңири соода жүргүзүүдө жана эки өлкө ортосундагы бир жылдык соода бир миллиард долларга жетет, Иран менен Орусия ортосундагы сооданын көлөмү андан алда канча төмөн.
XS
SM
MD
LG