Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Эл аралык уюмдар качкындар маселеси боюнча кыргыз жетекчилигине кайрылууда


Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хюман райтс вотч" жана баш кеңсеси Лодондогу "Эмнисти интернэшнл" деген адам укуктарын коргогон эки атактуу эл аралык уюм кечээ күнү Кыргызстандын жетекчилигине кайрылып, Ош шаарында кармалып жаткан төрт өзбек жаранын Ташкенге өткөрүп бербөөнү суранды. Алар май айында Анжиянда болгон окуялардан кийин башкалар менен кошо Кыргызстанга качкан жана Ташкендин талабы менен кармалган. Көпчүлүк башка качкындар кийин июлда башка мамлекеттерге которулган, Ошто калган төрт адамды болсо Бишкек жакын арада Өзбекстанга өткөрүп бериши мүмкүн деген кабарлар пайда болууда.

XS
SM
MD
LG