Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык карым-катышка «Аккеме» мейманканасы залакасын тийгизүүдө. Талаштан башы чыкпаган мейманкананын курулушуна алынган акчанын кайтарылышы создугуп, ага байланышкан укуктук маселелер чечилмейин Түркия өкмөтү 75 миллион доллар кредитти кайтаруу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу тууралуу кошумча келишимге кол койбой келатат.

1993-жылы Түркия Кыргызстан өкмөтүнө каржылык колдоо катары 75 миллион доллар кредит бөлүү тууралуу чечим кабыл алган. Ошол акчанын 25 миллион долларына Бишкекте 4 жылдыздуу мейманкана куруу идеясы бир жыл мурун эле Кыргызстандын туризм жана спорт министрлиги менен түркиялык «Систем Мюхендислик» компаниясынын ортосунда келишим менен бекемделген. Эки тараптын бирдей катышуусу менен «Аккеме» акционердик коому түзүлүп, ишти түркиялык «Систем Мюхендислик» компаниясы жүргүзмөй болот.

Жаңы коомдун жетекчиси менен Кыргызстандын каржы министрлигинин ортосунда карызды төлөп берүү тууралуу келишим түзүлүп, анда «Аккеме» акционердик коому 6 миллион долларды 6 жыл ичинде кайтарып берүү милдетин алган. Ага улай «Аккеме» коому 1995-жылы мурдагы акчага кошумча 2,7 миллион доллар бөлүп берүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылган. Кийинчерээк бул ишке президент менен өкмөттүн иш башкаруу башкармалыктары да катышып, мейманкана курулушуна 20 миллион сом кошушкан.

1999-жылы «Аккеме» акционердик коому банкрот деп табылып, анын ээлигиндеги мейманкана башка укуктук жакка берилген. Түркиялык «Систем Мюхендислик» компаниясы мейманкананын 12 миллион 700 миң доллар карызын толук төлөп берүүгө макул болуп, «Пинара – Бишкек» жоопкерчилиги чектелген коомду түзгөн. 2005-жылга чейин түркиялык компания мурдагы карызды жабыш үчүн 17 миллион ашуун сом акча төккөн.

Ким билет, «Аккеме» акционердик коомунун президенти Р.Сарымсаков мурдагыдай эле Арбитраждык, Жогорку, Конституциялык сотторго арызын жазып адилеттик издеп жүрө бермек беле, 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстандын тарыхында жалпыга белгилүү чоң саясий окуя болуп өтпөдүбү.

Элдик революциянын эртеси Р.Сарымсаковдун тарапкерлери «Пинара» мейманканасын басып алышты. Бирөөнүн менчигин тартып алуу мыйзамга сыйбастыгын Бишкек шаардык прокуратурасы эскертип, мейманкананы ээсине кайтарууну талап кылды. Бирок ал буйрук аткарылган жок.

Р.Сарымсаковдун мурда канааттандырылбай келген арыздары жаңы жагдайга жараша кайра каралып, мурдагы сот чечимдери жокко чыгарылып, чатактан башы чыкпай келаткан мейманкана маселеси эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы проблемага айланып чыга келди. Руслан Сарымсаков кредиттик келишимде көрсөтүлгөн акчаларды биз деле төлөйбүз дейт:

- Карызды биз төлөйбүз. Ишке киришкенден кийин бир айдан соң биз акчаны тапшыралы деп барсак, акчабызды албай коюшту. 600 000 сомду Каржы министрлиги бизден албай койду. Биз Башкы прокуратурага кайрылганыбыздан кийин гана, эгер алып келген акчаны алар албай турган болсо кылмыш иши ачыларын эскертишкенден кийин гана алышты.

Р.Сарымсаков эч кандай келишим кагазы жок эле 2 миллион сомду казыналыкка которгонун билдирет. Анын маалымдашынча 120 миң ашуун доллар акча банкта сакталып турат. Ал эми 1999-жылы «Аккеме» акционердик коомун банкрот кылган чакта которулган 1 миллион доллардын эмдигиче дайыны жок дейт. Ушул эле маалыматты «Аккеме» акционердик коомунун вице-президенти Курчубек Доспаев да ырастады.

- Биз төлөөгө даярбыз, эмне дегенде бул кредит өкмөттүн кепилдиги менен келгенин сиздер жакшы билесиздер. Мына 1996-жылдан 1999-жылга чейин 1 миллион 300 миң доллар ошол кредитти төлөш үчүн Улуттук банк аркылуу Каржы министрлигине биз тараптан төлөнүп берилген. Бирок ушул күнгө чейин ошонун 209 миң долларын гана булар биз алдык дешет дагы 1 миллион 100 миңге жакын доллар жок. Бирок бизде бүт документтер бар.

Өткөн жылдын аягына чейин Париж клубуна мүчө, мүчө эмес өлкөлөрдүн баары менен кошумча келишимге кол коюп чыгуу милдетин алган кыргыз өкмөтү Түркия өкмөтү менен «Аккеме» мейманканасынын айланасындагы чатактын айынан андай келишимге жетише алган жок. Бирок да Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров эки өкмөт ортосундагы келишимге кол коюлат деп эсептейт:

- Түркия менен деле жаман эмес, өкмөттүк деңгээлде өзүбүздүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, «Аккеме-Пинара» мейманканасынын айланасындагы чыр аягына чыкпай калгандыктан ошол жерде бир аз кыйынчылык болуп жатат.

Өткөн жылдын 28-сентябрында Кыргызстандын Жогорку соту Бишкек шаар сотунун чечимин токтотуп, «Ак кеме» акционердик коомун банкрот деп тапкан 1999-жылкы арбитраж сот чечимин кайрадан карап чыгууну тапшырган. Мейманкананын айланасындагы талашка дагыле чекит коюла элек. Түркия, Кыргызстан өкмөттөрүнүн ортосундагы экономикалык маселенин чоо-жайы ушундай.
XS
SM
MD
LG