Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:14

ПАКИСТАН: РАКЕТАЛЫК ЧАБУУЛГА КАБЫЛГАН ЖАЙДА АЗ-ЗАВАХИРИ ЖОК БОЛУП ЧЫКТЫ


Айданбек Акмат уулу, Прага шаары Пакистандын Ооганстанга жакын жайгашкан кыштагына жума күнү жүзөгө ашырылган ракеталык соккудан 18 киши, анын ичинде аял жана балдар өлгөнү кабарланууда. Сокку Дамадолла кыштагында жашынып жүргөнү жоромолдонгон «Ал-Кайиданын» лидерлеринин бири Айман аз-Завахириге каршы багытталганын жана аны АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы жасаганын америкалык маалымат каражаттары билдирди. Бирок бул сокку урулган жайда аз-Завахири жок болуп чыкты. Пакистан бийлиги бул чабуул үчүн АКШга расмий нааразылык билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын CNN жана ABC сыналгы каналдарынын кабарлоосуна караганда, Пакистандын борбору Исламабаддан 200 чакырым түндүк-батышта жайгашкан Дамадолла кыштагына АКШнын учкучсуз башкарылчу учагы 13-январда ракеталык сокку урду.

Сокку кыштакта «ал-Кайиданын» жетекчилеринин бири Айман аз-Завахири (Ayman al-Zawahiri - анын жогорудагы фото сүрөтү EPA агенттигине таандык) бар деген чалгындык божомолго негизденип жүзөгө ашырылгандыгы айтылууда. Оболу кабарчылар ал соккуда аз-Завахири набыт болгон болушу ыктымал деп чыгышты.

Бирок, Пакистандын атын атагысы келбеген бир расмий өкүлү «Ройтер» жана «Ассошиейтед пресс» агенттиктерине берген маалыматында, кыштакта сокку урулган учурда аз-Завахири болбогонун билдирген. Ракеталык соккудан жабыркаган кыштактын миңдеген тургундары аз-Завахиринин бул жерде жоктугун айтып, нааразылык иш-чарасына көчөгө чыгышты.

Аз-Завахиринин видео аркылуу кайрылуусу жакында эле таратылып, анда ал АКШга каршы чабуулдар күчөтүлөөрүн билдирген:

- Эй, америкалыктар, Нью-Йорк жана Вашингтондо көргөнүңөрдү эми Ирак жана Ооганстанда көрөсүңөр. Эгерде мусулмандарга каршы агрессияңарды токтотпосоңор анда бирдемкени көрөсүңөр, - деген эле анда аз-Завахири.

Мысырда төрөлгөн аз-Завахири радикал исламчылардын катарына эрте жашында эле кошулган. Куралдуу топтордун сабында тургандыгына байланыштуу ал үч жылга кесилген.

1981-жылдагы Египет (Мысыр) президенти Анвар Садатка кол салууга тийешеси бар деп да шектелген. Ал 1980-жылдары Ооганстанга келип, советтик аскерлерге каршы күрөшкө катышкан.

Эл аралык террорчу тармак болгон «ал-Кайиданын» башчысы Осама Бин Ладендин орун басары катары маалым Айман аз-Завахиринин башы үчүн Кошмо Штаттар 25 миллион доллар убада кылган.

Пакистандын маалымат министри Шейх Рашид Ахмед (Sheikh Rashid Ahmed) ишембиде маалымат жыйынында чыгып сүйлөп, бир чети, бейкүнөө жерден карапайым кишилер набыт болгону үчүн өкүнүчүн билдирген менен, экинчи чети, чет өлкөлүк жоочулардын тымызын топтолушунун айынан Пакистандын Ооганстанга чектеш аймактарында турмуш оор болуп жатканын да айтты.

АКШнын Коргоо департаменти (министрлиги) Пакистандагы аталган аймакта өз аскерлери абадан сокку ургандыгы тууралуу кабарды ишембиде төгүндөп чыкты.

XS
SM
MD
LG