Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Абактагы кургак учук менен ооругандар жылуу кийимдер менен камсыз болду.


БИШКЕК. 15-январда Жаза аткаруу башкармалыгы тарабынан гуманитардык жардам катарында жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан кургак учук менен ооруган 500 адамга жылуу кийимдер берилди. Мындай гуманитардык жардам Совет биримдиги кезинде да берилген эмес. Бул тууралуу Жаза аткаруу башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сергей Сидоров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай жардам башка колонияларга да берилет. Башкармалык тарабынан жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын жашоо шартын жакшыртуу багытында иш чаралар көрүлүүдө. Айрым колониялардагы ишканалар жакын арада ишке киргизилет. Ал эми Жаза аткаруу башкармалыгына өкмөт тарабынан бөлүнгөн 613 млн. сомдун 277 млн. сому гана берилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG