Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

ОРУСИЯ - ГЕРМАНИЯ АЛАКАСЫНДА ӨЗГӨРҮҮЛӨР БОЛОБУ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Алманиянын федералдык канцлери Ангела Меркел дүйшөмбүдө Маскөөгө келди. Былтыр ноябрде Алманияда өткөн өкүмөт башчысын кайра шайлоодо жеңип чыккандан кийин анын алгач ирет Орусияга ырасмий иш сапары менен келиши. Мурда Меркел оппозициялык лидер болуп шайлоодо ат салышып атканда орусиялык президент менен жолугушкан. Саясий анализчилер болжолунда орусиялык - алманиялык жетекчилер сүйлөшүүсү мамлекеттер ортосунда алака мурдагы бойдон экендигин тастыктаган. Бир гана өзгөчөлүгү ал Герхард Шредер бар кездегидей «достук» эмес «стратегиялык өнөктөштүк» менен алмашты дешет.

Президент Владимир Путин немис тилин жакшы билген сыңары, ГДР нанын жеп чоңойгон канцлер Анжела Меркел орус тилин билет экен. Көптөрү алар тилмечи жок сүйлөшө алышат экен, бирок тил табышып кетишеби деп кулак кагышты эле. Басылмалар болсо «Меркел бул жолу Путинге ыңгайсыз суроолор менен кайрылат», - деп жазышты. Меркел айым ырасмий иш сапары былтыркы шайлоодо орусиялык президенттин досу Герхард Шредерди жеңип чыккандан кийин алгач ирээт болуп атат.

Маскөөгө аттанар алдында Алмания жетекчиси Орусия менен болуучу алака деңгээлин достук дегим келбейт, кантсе да ал катнаш – стратегиялык өнөкттүк деген эле.

Орусиянын тышкы иштер өкүлү Михаил Камынин «эки өлкө ортосунда болуучу сүйлөшүү биздин мамлекеттер ортосун байланыштыра турган газ ноолорун деңиз асты менен жаткыруу болот» деген.

«Азаттыктын» Алманиядагы кабарчысы Юрий Векслер жиберген кабарда Берлинде канцлер айымга ал үчүн добуш бергендер Кремлде жолугушууда кандай маселелерди козгошу керек экендигин айтып наказ берүү болгон.

-Мен Меркел айымдан Чеченстандагы балит согуш боюнча жана Орусияда демократиянын жыйыштырыла башташы тууралуу жазганбай сын айтышын күтөмүн. Басма сөздөргө чек коюу, Ходорковскийдин үстүнөн жүргүзүлгөн сот иши, өкүмөттүк эмес уюмдарга кысым көргөзүү тууралуу ачык талкуу болушун күтөмүн, - деген Алмания «Жашылдар» партиясынын лидери Ротт айым.

Кремлде өткөн жолугушуудан соң Владимир Путин менен Ангела Меркер журналисттер алдында кыскача пикир айтышты:

-Бул убак ичи биз эки жактуу мамилебизде эч кандай карманган жолубузду эч кимге тарттырып ийген жокпуз, тарттыра электигибизди белгилегим келет, - деди орусиялык президент.

-Биз эки жактуу мамиленин мындан ары өөрчүшү үчүн жакшы негиз салдык деп ойлойм. Биз кай бир маселелерди бул жолу талкууладык. Ошондой эле Томскиде апрелде өтчү жолугушууда уламакчыбыз, - деди ФРГ канцлери.

Агенттиктер чөйрөсү жазышканга караганда, эки жетекчи жолукканда азыркы туштун курч маселеси террорчулук менен күрөшүү, иран чатагы, түндүк европалык газ ноосун куруу сыяктуу маселелер талкууланган.

Ошого карабай анализчилер Берлин менен Маскөө ортосунда кескин өзгөрүү болгону байкалбайт дешет. Алманиялык саясий анализчи Клаус Зегберс айтканга караганда "Маскөө менен Берлин ортосунда алалык азыркы тушта анча эле жарытып ийерлик өлчөмдө эмес. Жакын арада кантсе да эки өлкө ортосунда бири бирине катуу кеп айтуу күтүлбөйт".

«Газпром» элге сатчу газынын баасын көкөлөтүп жакында Украинага көрсөткөн кысымы G-8ге төрагалык кылган өлкө үчүн жарашпаган жорук болгонунун Меркел айым кеп кылды дешет. Бирок Алмания азыркы тушта өзүнө керек газдын 40 пайызын орусиядан алып аткандыктан мунун артында саясий таасир бар экенин сезип Анжела Мекрел түндүк европага газ ноосун жаткырууну соода сатык маселеси катары кароону сунуштап атат дешет.

«Меркел Орусия менен жылуу мамиледе болууга мажбур» , - дегендер да бар.

XS
SM
MD
LG