Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Америкалык аскер базасынын ижара акысынан мамлекет 50 миллион доллар тапса болот.


Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчилиги менен жолугушуп, аэропорттун айланасындагы жер участокторун мамлекеттин карамагына берүү, коргоо тармагынын кызыкчылыгына пайдалануу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулашты. Төрага «Манас» аэропортунун айланасын пайдалангандыгы үчүн Ганси авиабазасы төлөгөн ижара акы толугу менен мамлекеттин карамагына өтүшү керек деп эсептейт. Анын айтымында, бул кыргыз өкмөтүнө 50 миллион доллардан кем эмес киреше берет. Кийинчерээк, антитеррордук базанын мөөнөтү бүткөн кезде даяр инфраструктурага Кыргызстандын өзүнүн аскерий базасын жайгаштыруу шарты түзүлөт. Төраганын тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин аппараты тиешелүү министрликтер менен бирге аэропорттун айланасындагы жер аянттарынын чегарасын тактап чыкмай болду. Аталган мыйзам келерки айда парламенттин кароосуна коюлушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG