Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Кино жаатындагы "Алтын глобус" сыйлыгынын лауреаттары аныкталды


Сыйлык Лос –Анджелес шаарындагы салтанатта тапшырылып, баш байга теги боюнча тайвандык кинорежиссер Энг Линин "Бүкүрү тоо" деп аталган драмалык фильмине ыйгарылды. Фильмде америкалык эки ковбойдун ортосундагы жашыруун сүйүү жөнүндө сөз болот.
Ал эми палестиналык режиссер Хани Абу Ассаддын "Азыр бейиш" деп аталган фильми жылдын чет элдик мыкты киносу деп табылды. Анда Израилдин аймагында өзүн- өзү жардырып, жанкечтиликке барууну көздөп жаткан палестиналык эки дос тууралуу баяндалат.

Голливуддун чет элдик басма сөз ассоциациясы тарабынан ыйгарылуучу "Алтын глобус" сыйлыгы тапшыруу адатта андан кадыр барктуу "Оскар"сыйлыгын кайсыл фильмдер аларын ишара кылган окуя катары эсептелет. "Оскардын" быйылкы лауреаттары 5- мартта жарыяланары күтүлүүдө.


Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG