Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

ШАЙТАНГА АЛЫП БАРЧУ ЖОЛ ТӨРТ КАБАТТУУ БОЛОТ


Өткөн жумада Мина өрөөнүндөгү “Жамаратка” же шайтандын сөлөкөттөрүнө таш атканы бараткан 363 зияратчы тепсендиде калып, шейит болду. Акыркы 32 жылда “Жамарат” жолунда 1,5 миңдей адам бейажал өлүмгө кабылды. Зияратчылардын коопсуздугун камсыздоо максатында Саудия өкмөтү шайтанга алып барчу мурдакы эки кабат жолдун ордуна төрт кабат жол курмак болууда.

Өткөн жумада ажы зыяпатын аткарып, мусулманчылык беш парзынын бирин сакыт кылып жүргөн 363 киши тепсендиде кылып, шейит кетишти.

Ажыга келген ар бир зияратчы Мина өрөөнүндө шайтандын үч таш сөлөкөтүнө корголдой майда таштарды атып, ибадат кылат. Ум ал-Кура университетинин Ажы изилдөө борборунун башчысы Осама ал-Бардын айтышынча, шайтандын сөлөкөтүнө же “Жамаратка” алып барган кош кабат жолдо акыркы 32 жылда 1,5 миң, анын ичинде 1994-жылы 270, 2004-жылы 250 таслим болгон.

Саудия бийликтери зияратчылардын коопсуздугун камсыздоо үчүн акыркы жылдары бир катар олуттуу иштерди жүргүзгөн. Буга дейре да аруу сапарда болгон кыргызстандык Мурат ажы Усуповдун айтышынча:- Көп нерселер мурдакыдан башкача болуптур. Мисалы, ар бир өлкөнүн зияратчылары үчүн шайтанга таш атуучу убактар белгиленип койгон. Колдон келсе аялдар шайтанга таш урганы азыраак барсын, оору адамдар менен кары кишилер таш атуу жөрөлгөсүнө барбасын, таштарды өз ордуна жаштарга беришсин дегендей көп жаңы тартиптер киргизилген.

Этияттык чарларына карабай, 12-январда көптөгөн адамдардын басылып өлүшүнө эмне себеп болду?

-Бул көп адамдардын шашып, топ жетекчилерине баш ийбегенинен болсо керек… Көп адамдар бир жерге топтолуп калып, ошондон улам башкарууга болбой, аккан суудай каптап киргенинен болсо керек,- деп боолголойт Даут ажы Абы уулу.

Коопсуздук видеокамерасы тартып алган тасма да алдыңкы катардагы бир же эки киши жолундагы баштыкка чалынып жыгылганда, артында келаткан адамдар аларга чалынып, жыгылган адамдарды арттан келаткан эл токтой албай толкундай каптап кете бергенин көрсөткөн.

Өткөн жумадагы кандуу окуядан кийин Саудия бийликтери “Жамаратка” чыккан эки кабат жолду буздуруп, анын ордуна төрт кабат жол курмак болууда жана жекшемби күнү курулуш иштери башталды. Жаңы курулушка, Саудиялык таанимал архитектор Сами Ангавинин сөзүнчө, 1,8 миллиард доллар сарпталат. Мурда да ар бир кырсыктан кийин инженердик чара көрүлчү.

Сынчылар жаңы курулуш менен маселе жөндөлбөйт, маселе, калың элдин агымын башкаруу, аларды ыраатка салып турууда деп санашат. Ырасында эле, “Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, Олимпиядалык оюндарга, Нью-Йорк марафонуна же Рим-католик чиркөөсүнүн Папасынын жаназасына миллион ашык адам катышканы менен ажы маалындагыдай адамдар сап-сабы менен тепсендиде калган эмес.
XS
SM
MD
LG