Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Жалалабатта нааразылык митингиси болот


ЖАЛАЛАБАТ. Коргоо комитети 23-январда облустук бийликтин маңдайындагы борбордук аянтта митинг уюштура турган болду. Мындай чечим комитеттин отуз мүчөсү катышкан 22-январдагы жыйынында кабыл алынды. Нааразылык акциясына Жусупжан Жээнбековду кызматтан бошоткон 18-январдагы жарлыкты жокко чыгарып, аны губернаторлукка кайра бекитүү, Жээнбековдун кызматын алынышына нааразылык күбөлүктөрүн тапшырган аким жана айыл өкмөт башчыларына кысым көрсөтпөй, алардын мыйзам укуктарын коргоо талаптары коюлат. Уюм жогорудагыдай билдирүүнү облустук жана Жалалабат шаардык бийликтер менен облустук прокуратура, улуттук коопсуздук жана ички иштер башкармалыктарына жиберди. Комитеттин маалыматы боюнча уюмдун 21-январдагы кайрылуусуна президент Курманбек Бакиевден жооп келген жок.

XS
SM
MD
LG