Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

ЭЛДИН ПРЕЗИДЕНТТЕН КҮТКӨНҮ КӨП ЭЛЕ


Ушу тапта Кыргызстандагы чоң жаңылык Жалалабад облус губернаторун кызматтан алуу, кайра ордуна коюу, жаңы бийликтин колу менен жасалган кризис жайында болууда. Кыргызстан башкаруунун кандай жолун тандап алат, президенттик башкарууда калабы, болбосо парламенттик формага өтөбү?

24-марттагы окуяларды Курманбек Бакиев тек бийликтин гана алмашуусу катары кабыл алып, Акаев режимин азыноолок оңдоп-түзөп коюу менен гана чектелгиси келген экен, деп жазды 24-январдагы «МСН» гезитинде Замир Өсөров «Элдин президенттен күткөнү көп эле» деген макаласында. Автордун ырасташынча, мурдагы эле А.Акаевдин кадрларынын кызматка коюлушу, бул аз келгенсип криминалдын мамлекетти иштерге кийлигише башташы элди андан бешбетер таңдантууда.

Революция идеалына берилген адам болсо К.Бакиев ушу тапта чогулуп калган проблемаларды акылга салып чечүү аракетин жасамак. Ош менен Жалалабад облус губернаторлорун апыл-тапыл кызматтан алып, артынан жооткотмо жоопту узатмак эмес, деп белгилейт макала автору. Баарынан таңкалыштуусу -революцияга каршы чыккан Н.Түлеевди К.Бакиев дагы темир жол башчылыгына дайындаганы, дейт З.Өсөров.

Ушул эле гезитте премьер-министр Феликс Куловдун «Адилет хан тууралуу жөө жомокту унуткула» деген аталыштагы маеги жарыяланды. Өкмөт жетекчиси парламенттик башкарууну жактай тургандыгын ырастаган. Ал сунуш кылчу моделде президентке да биртоп ыйгарым укуктар берилген. Ф.Куловдун парламенттик башкаруу сунушу ишке аша турган болсо Кыргызстандагы бийлик бутактары бирин-бири көзөмөлдөп, кызмат жоопкерчилиги кыйла көтөрүлмөк. «Себеби, баары ачык болмок» дейт Ф.Кулов.

«Жалалабаттагы окуя эмнени көрсөттү?» деп суроо коет «Жаңы кылым» гезитинде Мирлан Дүйшөнбаев. Автордун ырасташынча, «жаңы губернаторду кабинетине киргизбей, эскисин көтөрүп барып мурдагы ордуна отургузуп коюу, бул ары дегенде басмачылык, бери эле дегенде маскарапоздук».

«Аш көп болсо каада көп» демекчи, кийинки кездери кедей Кыргызстанда чабылып-чачылып аш-той берүү күчөп кеткени Жума Мамбетовдун «Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз» деген макаласында козголгон. «Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз болбой күн өткөн сайын күчөгөн кыргыз бололу. Жакшынакай, жөнөкөй салтыбызды соода-сатыкка айландырбайлы», дейт макала автору.

«Акаев да кадр саясатынан аксап келген. Бакиевди да кадр саясаты аксатат өңдөнөт», деп жазды 24-январдагы «Кыргыз руху» гезити. Журналист Болотбек Таштаналиев белгилегендей, «биз муну Айдаралиевге эмес, эл шайлаган Курманбек Бакиевге каршы нааразылык, Бекназаров айтмакчы, революция уланып жаткандыгынын ачыктан-ачык көрүнүшү катары бааласак болчудай».

«Жээнбеков же Артыков эмес, Акүй абайласа болмок» деп жазат А.Бостон ушул эле гезитте. Автордун айтымында, К.Бакиев революцияны жактырбаган Н.Түлеевди эле эмес, Аксыда 6 азамат атылган чакта ички иштер кызматкерлерин жетектеп жүргөн К.Садиевди жооптуу кызматка дайындады.

«Менчик деген там, телевизор, жер, бирөөнүн наны, бирөөнүн малы. Ошонун баарын тартып ала берсек, эч ким иш кылбайт. Жасасам баары бир тартып алат экен деп айтат. Бирөөлөр маңдай терин төгүп, кыйналып иштеп атса, экинчиси чоңдугун салып, абалынан пайдаланып, бир кемчилигин таап туруп тартып алууда. Мурунку бийликте ушундай болгон. Ал азыр да уланууда», дейт парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев 24-январдагы «Эркинтоо» гезитиндеги маегинде.

Башкаруунун президенттик институтун кармап туруу өлкө үчүн кыйла эле кымбатка тура тургандыгы шаршембидеги «МСН» гезитиндеги В.Тимирбаевдин «Үмүттүн билиги үзүлбөйт» деген макаласында козголгон.

Аскар Акаев Евразия кызматташуу уюмунун башкатчысы болуп калышы ыктымал экендиги, маалымдоо каражаттарында кабарлана баштаганы, дегинкиси экс-президент эларалык уюмду башкарып калышы деле ажеп эместиги «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгындагы Астра Садыбакасованын макаласында козголгон.

Ушул эле автордун дагы бир макаласы Түндүк уюлга бираз жете бербеген Ямал деген жерге кыргыздар отурукташа баштагандыгына арналган. Соода-сатык, иш издеген кыргыздар жер шарынын эң суук жерине жетишти. «Кыргыздар тундрада орун-очок ала башташты», дейт автор.
XS
SM
MD
LG