Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНДА ДЕГИ КИМДЕР ИШТЕЙТ?


Бул аптада кыргыз гезиттеринин башкы темасы бир жумадан бери нааразылык акциясына чыгып жактан темир жолчулардын митинги жана белгилүү спортчу Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө шектүү деп кармалган Алдаяр Исманкуловдун иши жөнүндө болду.

Кыргыз темир жол башкармачылыгынын кызматкерлери 23-январдан тарта Жогорку Кеңештин алдына боз үй тигип, кайрадан кезектеги пикетин башташкан. Бул күнү милиция кызматкерлери аларга күч колдонбосун деп өздөрүнө бензинден жаба куюп, өзүн өзү өрттөйбүз дешкен. Темир жолчулар негизинен бийликтин бул тармактагы кадр саясатына катуу нааразы.

“Заман Кыргызстан” гезитинин жума күнү чыга турган санында бул тууралуу кеңири макала орун алууда. Анда 25-январда эски аянтта орун алган митинг тууралуу сөз болот. Гезиттин жазганына карганда, нааразычылык акциясына чыккан темир жолчуларга парламент депутаттары Дооронбек Садырбаев, Кубатбек Байболов, Иса Өмүркуловдор чыгып, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө, кимдир бирөөнүн өрттөнүүсүнө жол бербөөгө чакырышты.

Мурда темир жол башкармачылыгында 7 жыл жетекчилик кылган депутат Иса Өмүркуловдун айтымында Нариман Түлеев мыкты жетекчи болушу мүмкүн, бирок ага кызматкерлери каршы чыгып, өзүн-өзү өрттөйбүз дегенге чейин барып аткандары шектенүүнү жаратпай койбойт.

Бул окуяга байланыштуу өз пикирин «Асаба» партиясынын тең төрагасы Роза Отунбаева да билдирип, Нариман Түлеевдин кызматка келиши үй-бүлөлүк чечим экендигин, пикетке чыккан темир жолчулар накта патриоттук кылгандарын айтты. “Ошентип бул күнү да маселе оңуна чечилген жок, өрттөнүү акциясына да жол берилбеди”деп жазат гезит.

Ал эми “Газета КГ”электрондук басылмасы темир жолчу пикетчилерге каршы нарындыктар чыгып жаткандыгын кабарлады. Басылманын жазышынча, Нарын облусунун экс-губернатору Кемел Ашыралиев, отставкадагы генерал Бейшен Молдогазиев жана Жолдон Саламатов баш болгон топ маалымат жыйын куруп, нарындыктар Нариман Түлеевди колдой турганын билдиришти.

“Бир жумадан бери бийлик өкүлдөрү бул маселени ушундай абалга жеткирбей, чечкиндүү кадамдарды жасоого болоор эле го. Темир жолдун жетекчилик орду адамдын өмүрүнө тете эмес” деп жазды “МСН”гезити 25-январдагы санында.

Темир жолчулардын 25-январда орун алган митинги кандай жыйынтыктарды алып келгени жөнүндө “Вечерний Бишкек” гезити да 25-январдагы санында орун берди.

Белгилүү спортчу Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери Алдаяр Исманкулов шектүү деп 17-январда кармалган. Анын кармалышы боюнча 24-январда Жогорку Кеңеште ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиев, баш прокурор Камбаралы Конгантиев жана Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын орун басары Абдижалил Жамалов маалымат беришти.

Бул окуя “Заман Кыргызстан” гезитинин ушул эле санында “Улуттук коопсуздук кызматында деги кимдер иштейт?” деген макалада кеңири баяндалат. Анда макала автору Бурул Бобуеванын жазганына карганда, бардыгынан кызыгы Абдижалип Жамалов өзүнүн алдында иштеген кызматкери Алдаяр Исманкуловду тааныбары депутаттар үчүн чоң ачылыш болду.

"Депутат Сооронбай Жээнбеков дүйнө жүзүндө улуттук коопсуздук кызматы өкмөткө баш ийерин, бизде гана президентке баш ийерин айтты. Ал эми депутат Каныбек Иманалиев эч кандай чара көрбөө менен Улуттук коопсуз кызматы жана аскер прокуратурасы кылмышкерди колдоп жатканын билдирди”, деп жазат автор.

Депутаттар күч структураларынын тергөө ишине көп сын-сөздөрдү айтып, алардын жасаган ишине ынанбагандыгын “МСН” гезити да маалымдады.
XS
SM
MD
LG