Бирок газды толугу менен грузиялыктарга жетиштирүү үчүн дагы бир нече күн талап кылынат. Грузиянын энергетика министри Ника Гилауринин айтымында, эми Грузия көгүлтүр газ боюнча Орусиядан көз-каранды болбойт. Анткени жумурият азыр кошумча Ирандан жана Азербайжандан да газ сатып ала баштады. Бирок бул көпкө созулбай турганы да айтылды.
22-январда Түндүк Осетиядагы газ өткөргүч куурларда жарылуу болуп, грузияга орусиялык газ жетпей калган болчу.
22-январда Түндүк Осетиядагы газ өткөргүч куурларда жарылуу болуп, грузияга орусиялык газ жетпей калган болчу.