Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

КООМДУК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮНҮ КООМЧУЛУК ТАЛАП КЫЛУУДА


Коомдук телевидение түзүү талабы менен 2-февралда Жогорку Кеңештин алдында жаштардын акциясы өттү.

Акцияга катышкан “КелКел” жаштар кыймылынын, Студенттер кошуунун өкүлдөрү ишине келаткан депутаттарга мамлекеттик телерадио компанияны коомдук телевидениеге өткөрүү зарылчылыгын камтыган атайын кайрылуу баракчаларын тапшырышты. Алар депутаттарды “Улуттук телерадио корпорациясы жөнүндө” мыйзам долбоорун кароодо демократиялуу принциптерди эске алууга чакырышты:


-Азыр деле бул телеберүү мурдагыдай эле форматта иштеп жатат. Булар көз карандысыз деп айnа албайм, анктени алар бийликтин өкүлдөрү эмне десе,ошону көрсөтүп жатпайбы,- “деди “Келкел”уюумунун мүчөсү Маматказы Капаров учурда мамлекеттик телеберүүлөр Акаевдин мезгилиндегидей эле бийликке көз каранды деген пикирде.


Президенттин 19-январдагы жарлыгы менен улуттук телерадиокорпорация мамлекеттик телекомпания болуп өзгөртүлгөн. “Интерньюс”коомдук бирикмесинини жетекчиси Элвира Сариеванын айтымында, улуттук телекөрсөтүү мамлекеттик болуп реформаланганы менен мазмуну жагынан эч нерсе өзгөргөн жок:

Чындыгын айтканда КТРдеги акыркы өзгөрүүлөр –бул жөн эле реформа деген аты болду. Ал эми ички мазмуну ошол эле бойдон калды. Менин оюмча бул жерде кеп сырткы келбетте эмес, журналисттердин иш ыкмасында эмес, структуралык өзгөрүүлөрдө болушу керек. Дал ошону үчүн биз мамлекеттикти коомдукка өзгөртүү демилгесин колдоп жатабыз. Акыркы үмүт Жогорку Кенеште.


2005-жылдын 21-июнунда Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамлекеттик стратегиясынын планын бекиткен. Бул планда көрсөтүлгөн максаттардын бири - улуттук телерадио корпорация коомдук телекомпанияга айлануу маселеси эле. Бирок, бийликтин соңку аракеттери анын мамлекеттик телеканалда коомдук телевидение түзүү жөнүндө оюу да жоктугун көрсөтүп койду. Ошон үчүн, бир катар депутаттар бийлик айткан убадаларын аткарбай жаткандыгы үчүн сынга алып келишет.

Бийлик айткан убадаларынан кайра тартып жатат, бул абдан өкүнүчтүү. Тилекке каршы жаңы бийлик да эски бийликтин оорусу менен ооруп жаткансыйт Президент Курманбек Бакиев шайлоого чейин коомдук телевидение кылабыз деп айтып келген. Ал эми бул маселенин демилгечиси Адахан Мадумаров өз позициясын 180 градуска өзгөрттү. Муну биз эч кандай түшүнө албай жатабыз,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев.

Мамлекеттик телерадио компаниянын башкы директору Кыяс Молдокасымов мамлекеттик телекөрсөтүүнү коомдукка өткөрүү үчүн убакыт керек экендигин айтты:

Албетте келечекте мамлекеттик телерадио компания коомдук болушу керек. Бирок аны үчүн биздин компаниянын техникалык ресурстарын, мүмкүнчүлүктөрүн да эске алуу зарыл. Мамлекеттик ьолуп өзгөргөнү-бул өзү коомдукка өткөрүүнүн биринчи кадамы.

“Медиа өкүлчүлүк институтунун” юристи Илим Карыпбеков коомдук телеберүү көз каранды болбой иш алып барышы үчүн башкы директор байкоочулар кеңеши тарабынан гана дайындалышы керек дейт:

Биз Байкоочу Кеңештин курамын түзөөрдө мындай талаптарды коюп жатабыз. Курамында президенттин, парламенттин жана жарандык коомдун өкүлдөрү болушу керек. Алар башкы директорду дайындашы керек. Ошондо гана жетекчи эркин,көз карандысыз иштей алат.

Ал эми мамлекеттик телерадио компаниянын башкы директору Кыяс Молдокасымовдун пикиринде акыркы чечимди президент кабыл алышы керек:

.Менин оюмча Байкоочу Кеңеш башкы директордун кызматына талапкерлерди сунушташы керек. Анткени, бул жерде жалпы маалымат коопсуздугу болгондуктан, каражат бюджеттен болгондон кийин, алгачкы этаптарда, биз толук демократиялык өлкө болмоюнча акыркы чечимди президентке калтыруу керек.

Акцияны уюштургандардын пикиринде өлкөдөгү жалгыз улуттук телевидение чындыкты көрсөтпөй, бийлик башындагылардын кол баласы болгонунун кесепети Аксы окуясы, андан кийин март айындагы элдик толкундоолордун учурунда абдан курч сезилген. Март окуясынан кийин мамлекеттик телерадио корпорацияны коомдук телевидениеге айлантуу маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок бийлик андай кадамга азыр шашкан жок.
XS
SM
MD
LG