Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

ӨМҮPБЕК ТЕКЕБАЕВ : ”МЫЙЗАМДЫ АТКАРУУНУ ТАЛАП КЫЛУУГА АКЫБЫЗ БАР”.


Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев парламент дарегине Президент Курманбек Бакиев айткан сын пикирлерге таптакыр макул эместигин билдирүүдө. Президент жума күнкү парламентте чыгып сүйлөгөн сөзүндө саясий чыр-чатактарга аралашып, мыйзам чыгаруунун ордуна өкмөттүн ишине кийлигишип, негизги вазийпаларын аткарбай жатат деп парламентти сынга алган.

-Өмүрбек мырза, Президент К.Бакиев депутаттарга нааразылык билдирген таризде, саясый чыр-чатактарга аралашып, өкмөттүн ишине кийлигишпей, мыйзам чыгаруу милдетиңерди так аткаргыла деп айтты. Сиздин жообуңузду уксак?

-Мен президенттин: “парламент мыйзамды аз чыгарды” дегенине макул эмесмин. Мыйзамды биз мурунку парламентке караганда үч эсе көп чыгардык. Кеп мыйзамдын санында эмес, мыйзамдын аткарылышында. “Адамды өлтүрбө, анын ден соолугуна, ар-намысына, менчигине кол салба, басмачылык кылба” деген жакшы закондор бар. Ошол закондорду биз оңдоп-түздөп, улам өркүндөткөнгө аракет кылып жатабыз. Ууру- кескилер төргө өтүп, “төрага” болгонго аракет жасап жатканында. Аларга каршы күрөшүүнүн ордуна, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүш керек деп айткан депутаттарды, силер өкмөттүн ишине кийлигишип жатасыңар, ал биздин ишибиз дегени. Жок парламент биринчи кезекте элдин өкүлү катары мына ушуну айтышы керек. Президент айтат: “ президент дайындаган жетекчилерди сындап, аны жумуштан кетсин деп, мага кайрылганга акыңар жок” дейт. Ал эми жүз миңдеген адамдын убалына калган адамды, эл душманы катары” жазага тарт” деп эмнеге президентке кайрылбашыбыз керек?
Кантип өкмөттүн бөлүм башчы болуп туруп, ушундай кырдаалга жол берген адам, бүгүн коргоо министрлигиндеги чоң башкармачылыктын начальниги болуп кетсе, бизде дисциплина болобу? Ошону көргөн адам, жүз миңдеген адамдын убалына калган адам чоң жетекчиликке барып жатпайбы? “Бизде жаза деген болбойт. Бизде жоопкерчилик деген болбойт” деп биздин моралыбыз өзгөрүп, аткаруу дисциплинасы талкаланып, бийликтин абийири кетпейби? Эмне үчүн биз бул маселени айтпашыбыз керек?

-Кээ бир маселеде депутаттар бир позиция, бир пикирде болалбай, келишпеген учурлар көп болууда? Анын себеби эмне дейсиз?

--Албетте, жетимиш беш депутат бар. Ар бир депутат ар башка пикирин айтат. Бирок, Жогорку Кеңештин позициясын алганда, бул отуз сегиз добуш берип, чечим кабыл алган маселелерди ушул Жогорку Кеңешке койсо болот. Жогорку Кеңеш сегиз жүздөн ашык чечим кабыл алдык. Эки жүзгө жакын мыйзам кабыл алдык. Мунун баарына жооп берүүгө биз даярбыз. Жыйырмадан ашык өкмөттүк угуу жасадык. Ошонун ичинен үч жолу паспорт боюнча маселени уктук. Кыргызстанда паспорт маселесине маани берип, аркасынан түшкөн мынчалык караган бизден башка орган болгон жок. Депутаттар болду. Анткени, шайлоо убагында элге эмне керек экенин билди. Жүз миңдеген адамдар эч кандай граждандык укукка ээ болбой отурат.

-Өмүрбек мырза, соңку жылдары буюртма жол менен адам өлтүрүүлөрдүн саны көбөйүп баратканы маалым. Коомчулук арасында кооптонуулар байкалат. Парламентте саясый кырдаалдын курчуп баратканы дагы революция болот деген сөздөрдөн уламбы, айтор, эл шайлаган депутаттар жок дегенде элдин тынчылыгын сактап беришсе деген эл арасындагы пикирлерге сиздин жообуңуз кандай?

-Революция болбойт. Эгерде биз иш кылбастан, өз көмөчүбүзгө күл тартып отура берсек, элдин нааразычылыгы албетте күчөйт. Биз кылмыштуулукка каршы катуу күрөшүүбүз керек. Парламент, өкмөт алдына, президент алдына мына ушундай маселени апрель айынан бери коюп келатат. Кыргызстанда болуп жаткан бардык чыр-чатактуу маселелерди парламент көтөрүп чыгып, өзүнүн прзициясын айтып, туура же туура эмес деп, эмне кылыш керек? Кимдин кандай жоопкерчилиги бар экенин айтканбыз. Бул Жогорку соттун имаратын басып алуудабы, Кара-Суу базарындагы, Каракечедеги чатактар тууралуу депутаттар өз позициясын айтып, өкмөткө тапшырма берет, муну мындай чеч, тигини туура, мунуку туура эмес деп. Жогорку Кенештен башка бир да орган өзүнө андай жоопкерчиликти алып, сен туура эмес кылып жатасың деп айткан жок. Жогорку соттун имаратын басып алгандарга, президент, өкмөт же башка бирөө:”туура эмес кылып жатасыңар, сот тармагы иштеш керек, чыгып кеткиле” деп айталдыбы? Айткан жок. Жогорку Кеңеш жаман көрүнүп, кайра-кайра талап кылып отуруп, жаман болсо дагы, сатылма сот болсо дагы, иштегенге шарт түздүк. Жаман сот болсо дагы иштеп турганы жакшы, жокко караганда. Эгер сот иштебесе, буюртма жол менен адам өлтүрүүлөр, тоноп кетмей, бирөөлөрдү барымтага алып, уурдап кетмей орто кылымдагы жаман адаттарга өтүп кетебиз. Ошондуктан Жогорку Кеңеш мыйзамдарды көзөмөлдөөгө катыша албайт, коомдук маанилүү окуялар боюнча позициясын айта албайт деген сөз, бул парламентаризмди, демократияны түшүнбөгөндүк деп билем.

-Эми Өмүрбек мырза! Парламенттик башкаруу же өкмөттүк башкаруу тууралуу талаш-тартыштарга коомчулук кайдыгер эмес. Парламентте жарымынан көп депутаттар мурдагы эски бийликтин күчү менен келген. Ишенимдүү депутаттар да бар. Алар өтө эле аз. Ошондуктан, мындай парламентти башкарып, элдин ишенимин аткарып, ийгиликке жетүү кыйын деген пикирге кандай дейсиз?

-Аткаруу бийлигинде Акаев менен он беш жыл чогуу отурган адамдар бар. Эгерде ошолор менен ийгиликке жетишебиз десе азыркыдай болуп парламент сүйлөбөйт. Чөк түшүп отуруп берет, элдин тагдыры элдин өзүнүн колунда. Парламенттик шайлоо деген парламент башкарат дегендикке жатпайт. Парламенттик башкаруунун бир гана белгилүү белгиси бар. Бул өкмөттү эл тарабынан колдогон партия түзөт дегенди гана билдирет. Депутат эл тарабынан шайланат, анан элге “куйругун” карматпай кетип жатпайбы. Өкмөт деле ошондой. Парламент тарабынан шайланат. Анан парламенттен көз каранды эмес болот. Аткаруу бийлиги президенттин колунда болбойт, бүгүнкүдөй. Премьер-министрдин колунда болот. Президент бул калыс болуп, парламент менен өкмөт кызыл чеке болсо бүгүнкүдөй болуп, кимисиники туура, туура эмес экенин чечет. Кимиси кетет, кимиси калат ошону чечет. Кааласа өкмөттү отставкага кетирет, кааласа парламентти таратат. Мына ошондой калыс орган керек бизге.
XS
SM
MD
LG