Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

АЗИЛ СҮРӨТТӨРГӨ КАРШЫ МИТИНГ-ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР КҮЧӨП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы күндөрдө дүйнөнүн көптөгөн мусулман мамлекеттеринде антиевропалык митинг-демонстрациялдар болуп өттү, андай каршылык аракеттери учурунда курман болгондор да бар. Европа Биримдигинин жетекчилигинин айтымында, маселе дипломатиялык жол менен гана, сүйлөшүү аркылуу чечилүүгө тийиш.

Ооганстандагы демонстрацияга эки миңге жакын адам катышты жана алар Баграм шаарындагы америкалык базага күч менен киребиз дегенде, полиция курал колдонууга аргасыз болуп, эки адам набыт кетти. Ошол эле Ооганстандын Мухтариам шаарындагы демонстрация учурунда дагы эки адам өлдү. Дагы бир өспүрүм Ливандын борбору Бейрут шаарындагы аракеттер учурунда каза тапты.

Эң ири демонстрациялар Ооганстан, Палестина, Сирия жана Ливанда болуп өткөнүн эксперттер - бул мамлекеттердин жетекчилиги акыркы мезгилде же Батыш тарабынан, же тескерисинче, өз эли тарабынан Батыш менен жакындаганы үчүн сынга алынып келгендиктен эл арасында антибатыштык маанай күчөгөн деп түшүндүрүүдө.

Мындай кеңири каршылык аракеттери европалык жетекчилер тарабынан катуу сынга алынууда. Европа комиссиясынын басма сөз өкүлү Йоханнес Лайтенбергердин айтымында, кандай болбосун маселе сүйлөшүү аркылуу гана чечилиш керек: "Европалык гезиттерде жарыяланган сүрөттөр дүйнө мусулмандарынын намысына тийгенин биз түшүнөбүз, бирок таарыныч канчалык күчтүү болсо дагы, мынчалык айыгышкан каршылыкка актоо жок", - деди Лайтенберг 6-февралда.

Европа Биримдигинин жетекчилигинин айтымында, маселени чечүүгө ал кийлигишпейт жана чатакка тийешеси бар мамлекеттер аны дипломатиялык жолдор менен, сүйлөшүү аркылуу өздөрү жөнгө салыш керек.

Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөр алгач даниялык "Йилландс-постен" деген гезитте 30-сентябрда жарыяланган. Эки аптадан кийин, 14-октябрда мусулмандар тобу гезиттин редакциясы жайгашкан имараттын алдында пикет уюштурган, бирок Даниянын премьер-министри Андерс Фог Расмуссен 19-октябрда мусулман мамлекеттеринин элчилерин кабыл алуудан баш тартып, маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү четке каккан.

Анткен менен 27-октябрда Дания полициясы тергөө баштаган, бирок даниялык сот 6-январда бүтүм чыгарып, андай азил сүрөттөрдү жарыялаган гезит эч мыйзам бузган эмес деп чыккан. 26-январда Сауд Арабиянын өкмөтү өзүнүн Даниядагы элчисин чакыртып алган, үч күндөн кийин Ливия дагы өзүнүн Копенгагендеги элчилигин жапкан жана 30-январда "Йилландс-постен" гезити мусулмандардан расми түрдө кечирим сураган.

Маселе ошону менен чечилип бүтүшү мүмкүн болчу, бирок 31-январда Расмуссен өкмөттүн атынан кечирим сурагандан баш тарткан, бир нече франциялык, испаниялык, немис жана бельгиялык гезит болсо ал сүрөттөрдү кайталап басып чыккан, норвегиялык бир гезит болсо ал азилдерди былтыр эле кайталап жарыялаган.

Айрым эксперттердин пикиринде, маселени мусулман мамлекеттеринин жана кээ бир батыштык экстремисттер жасалма түрдө күчөтүп жатат, анткени Иран же Сирия сыяктуу өлкөлөргө каршы даярдалып жаткан чектөө аракеттерин актоо керек. Ошондуктан азилдердин европалык гезитерде басылып чыкканын Ватикан дагы сынга алды, ал эми Ирактын шийи мусулмандарынын жетекчиси аятолла Али Систани митинг-демонстрация уюштуруп жаткан мусулмандарды катуу сындады.

XS
SM
MD
LG