Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

ПЕНТАГОНГО 2007-ЖЫЛЫ 439, 3 МИЛЛИАРД ДОЛЛЛАР БӨЛҮНӨТ


Кечээ, 6-февралда АКШ президенти Жорж Буш 2007-жылдын бюджетин Конгресске тапшырды. Бюджетте коргоо үчүн 439 миллиард доллар каралган. Коргоо министри Доналд Рамсфелд Пентагондо өткөн маалымат жыйынында акча өлкөнүн террорчуларга каршы жана кадыресе согуштагы кубатын камсыздоого колдонула турганын айтты. Жаңы бюджетте аскерлердин, айрыкча, араб тили менен маданиятын үйрөнүүсүнө да каражат каралган.

Президент Жорж Буш Конгресске жөнөткөн долбоордо келерки финансылык жылда өлкөнү коргоого 439,3 миллиард доллар каралган. Бул азыркы бюджеттен 6, 9 процентке көп. Коргоо министри Доналд Рамсфел Пентагондо өткөн брифингде белгилегендей, бул сумма АКШнын ички дүң продукциясынын жалчыбаган бир бөлүгүн же 3,8 процентин түзөт.

Мындан тышкары Ак Үйдүн администрациясы Ирак менен Ооганстандагы аскерий жана башка операциялар үчүн Конгресстен 120 миллиард доллар сурамакчы. АКШда бюджеттик жыл 1-октябрдан саналат.
Рамсфелддин айтышынча, 2007-жылдын бюджети өкмөттүн коопсуздукка болгон астейдил мамилесин чагылдырат:

-Президент Коргоо министрлигине сураган бюджет өткөн бир жылда көбөйдү. Бул өлкө коопсуздукка өзгөчө маани берип жатканын чагылдырат деген ишенимдебиз. Атап айтканда, АКШны, америка элин жана алардын кызыкчылыктарын коргоого, командирлерди ийкемдүү кылууга, кадыресе жана өзгөчө согуштук аркеттерге даярданууга, ошондой эле өнөктөш өлкөлөр менен тыкыс иштөөгө жардамдашат.

Долбоорго караганда, Пентагон 6,6 миллиард долларды дивизиялардын ордуна чакан бригадаларды түзүүгө, алардын ыкчамдыгын камсыздоого зарыл тийиштүү куралдар менен камсыздоого жумшайт. Пентагон армияны сапаттык жактан жакшыртуу менен катар, жоокерлердин санын 10 миңге кыскартууну пландаган. Ошондо АКШ армиясында 482 миң жоокер калат.
Террорчуларга каршы күрөшкө 12 миллиард доллар суралган. Ага 322 даана пилотсуз чалгынчы учактар менен автомобилдер сатып алынат.
Козголоңчу топторго каршы күрөшкөн атайын күчтөрдүн саны 2011-жылы, план боюнча, азыркы 50 миңден 64 миңге жеткирилет.

Террорчулуктун алдын алууга Пентагон өзгөчө маани бергени бюджеттен айкын көрүнүп турат. Атап айтканда, келерки жылда атайын операциялар үчүн 2001-жылдагыдан эки эсе көп же 5 миллиард доллар чегерилет.
Ал эми каруу жарактын жаңы түрлөрүн өнүктүрүүгө 73миллиард доллар бөлүнмөкчү.
Пентагондун бюджет боюнча башчысы Тина Жонс айым маалымат жыйынында атайын күчтөрдүн чет тилдерди, айрыкча араб тилин үйрөнүүсү үчүн бөлүнгөн каражат көбөйтүлгөнүнө көңүл бурду:

-Биздин аскерлердин тилди жана маданиятты жакшы билүүсү-аларга 21 кылымдагы вазийпасын аткаруу үчүн зарыл. Бюджетте жалпы аскерлердин, ошондой эле атайын күчтөрдүн араб жана башка тилдерди жана маданиятты үйрөнүүсү, бөтөн тилдүү адамдардын согуштук күчтөргө котормочу жана тилмеч катары жалдоо, маянасын көтөрүү үчүн бөлүнгөн чыгымдар көбөйтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG