Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

АЗИЛ СҮРӨТТӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЧАТАК СООДА СОГУШУНА АЙЛАНЫП КЕТИШИ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөр менен байланыштуу мусулман мамлекеттериндеги митинг-демонстрациялар күчөп баратат жана айрым өлкөлөр Батыш Европалык мамлекеттер менен соода байланыштарын да үзгөнүн жарыялады.

5-6-февралда өткөн демонстрациялар учурунда Ооганстанда төрт жана Ливанда бир адам каза болгон. 7-февралда болсо Ооганстандын түндүк-батышындагы Маймана шаарында жайгашкан норвегиялык аскерлер базасына кол салуу болгондо, полиция күч колдонууга аргасыз болуп, дагы төрт адам набыт кетти.

6-февралда Иран жетекчилиги атайын билдирүү жасап, Дания менен бардык соода байланыштарын үзгөнү тууралуу жарыялады. Эки мамлекет ортосундагы бир жылдык соода көлөмү 280 миллион доллар болчу. Ага чейин Перс булуңуна чыккан мусулман мамлекеттери Даниядан импорттолуп келген тамак-ашка бойкот жарыялагандан "Арла фудс" аттуу компания миллиондогон доллар чыгымга учураган.

Компаниянын деректирлеринин бири Астрид Гейд Нильсендин айтымында, бул чыгым фирманын экономикалык абалына катуу сокку болду: "Биз өз бизнесибизди 40 жыл курганбыз жана эми беш күндүн ичинде ал толугу менен токтоду. Мусулман өлкөлөрү менен бир жылдык соода 500 миллион долларга жетип турган, ал биздин экономиканын бир кыйла орчундуу бөлүгү болчу жана Жакынкы Чыгышты биз стратегиялык аймак деп, ал бизнеске акыркы мезгилде бир топ жаңы каражат салганбыз. Азыр болсо Жакынкы Чыгышта биздин бизнес дээрлик толугу менен токтоду", - дейт Нильсен айым.

Азык-түлүктөн тышкары, Данияда өндүрүлгөн башка буюмдар дагы Бириккен араб эмираттары, Катар жана Кувейтте сатылбай калды. Катардын Соода палатасы атайын билдирүү жасап, Дания менен Норвегияда өндүрүлгөн буюмдарды албай турганын жарыялады. Бахрейндин парламенти болсо бардык мусулман мамлекеттерине кайрылып, даниялык буюмдарды бойкоттоого чакырды. Эксперттердин айтымында жакын арада андай бойкотко Сирия жана башка мамлекеттер дагы кошулушу мүмкүн.

Өткөн дем алыш күндөрү Сириянын борбору Дамаск шаарында Даниянын элчилиги өрттөлгөн. Акыркы мезгилде АКШ жана Батыш Европа мамлекеттери Сирия менен Иранды катуу сынга алып келген жана Тегеран менен Дамасктын мындай аракеттерине кошумча себеп катары - аларга каршы айтылып жаткан сындан дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн башка жакка бууру максаты да жатат, дейт айрым байкоочулар.

XS
SM
MD
LG