Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Ф. Кулов: “Экинчи жолу ок атылышына жол бербеш керек”


БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Кулов Искрадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча өкмөттүк комиссияга жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, тартип коргоо органдары менен катар айыл ичинде элдик кошуундарды да коюуну тапшырды. Өкмөт башчынын айтымында, бирөө экинчисине кол көтөрүп койсо эле улут аралык чатакка айланбашы керек. Өкмөттүк комиссияны вице- премьер- министр Адахан Мадумаров жетектейт. Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка караганда Искра айылындагы чатак интернет- клубда дунган балдар кичинекей орус баланын ордун күч менен тартып алгандыгынан чыккан. Ага болушуп койгон эки кыргыз баланы дунган балдар чогулуп келип сабап кетишкен.

XS
SM
MD
LG