Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Францияда жума күнү Карабак маселеси боюнча жаңы сүйлөшүү башталат


10-декабрда Париж шаарынын алдында Тоолуу Карабак боюнча кезектеги сүйлөшүү башталат жана ага Азербайжан менен Армениянын президенттери Ильхам Алиев менен Роберт Кочарян катышат. Кавказ маселелери боюнча эксперт Том де Ваалдын айтымында, Рамбуйеде өтө турган сүйлөшүүдө оң чечим чыгат деп күтсө болот: "Жума күнү Парижде баштала турган сүйлөшүүдөн үмүт зор, бирок ал деле декларация менен гана аякташы мүмкүн. Өтө орчундуу сүйлөшүү болсо дагы, эки тараптын ниет-каалоолорун аныктаган гана декларацияга кол коюла тургандай. Анткен менен акыркы эки жылда Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин дагы элге айткан сөздөрү бир топ жумшара баштады жана алар элге конструктивдүү нерселерди айтып жатат", - дейт де Ваал. Бир топ эксперттин пикиринде, эң негизги маселе - эки тараптын тең элинин маанайын өзгөртүү.

XS
SM
MD
LG