Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Базаркоргон районунда парламент спикери Ө. Текебаевдин отставкасын талап кылган акциялар өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Митингде сүйлөгөндөр парламенттин натыйжалуу иштебей, көбүнчө саясат менен убакыт өткөрүп жаткандыгын билдиришип, Өмүрбек Текебаевдин отставкага кетүүсүн жана парламенттин таркатылышын талап кылышты. Айрымдар президенттин бийлик мөөнөтүн 10-15 жылга узартуу жөнүндө ойлорун айтышты. Алар Жогорку Кеңеш менен анын төрагасына нааразы болгон онго жакын тасмаларды кармап турушту. Ага Базаркоргон, Сузак райондору менен Жалалабат шаарынан келген миңге жакын адам катышып, демилгелүү топ Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын сөз сүйлөөсүнө мүмкүнчүлүк беришкен жок.

XS
SM
MD
LG