Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

ООГАНДАРДЫ КИМ КОЗУТУП ЖАТАТ?


Мукамбет пайгамбарга кылапат келтирген карикатураларга нааразылык билдирген аламан демонстрациялар маалында Ооганстанда соңку үч күндө бери дегенде он бир киши набыт болду. Ырасмий өкүлдөр менен аналитиктер ооган мусулмандарын кимдир бирөөлөр атайылап козутуп жаткан болушу ыктымал дешет.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормактын айтымында, шакардай жаалы кайнап,аламандаган мусулмандарды Иран менен Сирия көкүтүп жатат. Маккормак региондогу айрым лидерлер, айталы, Ирак жана Сауд Арапстан жетекчилери мусулмандарды бардаш кылып,байистүү болгонго чакырып жатса,башка жерлерде, мисалы, Сирияда жагдай зобун-зомбулукка жетип,эки элчилик өрттөлгөнүн белгиледи. Анын үстүнө Сириянын борборунда демонстрациялар өкмөттүн көз алдында өтүп жатат.

Вашингтондун мындай камтамачылыгына Ооганстандын жогорку сотунун башчысы, консерватор-исламчы Фазл Хади Шинвари да кошулат. Адамдар арасында өлүм-житимге алып келген демонстрацияларга Шинвари ”Ооганстандын душмандары” шыкак болуп жатат деп эсептейт. “Ооганстандын душмандары” деп ырасмий Кабулда адатта “Ал-Каида” менен “Талибанды” айтышат. Шинвари аламан жыйындардан улам адамдардын мүнөзү өзгөрүп баратканына айрыкча тынчсызданат. Жакшы менен жаманды айрымалабай,аламан топ мусулманчылыкка шек келтире баштады. Бийликтер уламаларга кайрылып, демонстрациялар адисинен ашып баратканын элге түшүндүрүүнү сурашууда. Эгер башаламандык улана берсе,аны ооган душмандары өз мүдөөсүнө пайдаланып кетиши мүмкүн, дейт Шинвари.

“Азаттыктын” Ооганстан боюнча эксперти Амин Тарзи аламандаган жыйындарды “Ал-Каида” менен “Талибан” көкүтүп жатканы чын болсо керек дейт. Бирок мунун артында жергиликтүү регионалдык лидерлер да турушу ыктымал. Айтор,Ооганстанда кырдаалды ички жана тышкы “олжогерлер” өз кызыкчылыгына буруп кете алат жана буга жетерлик мүмкүнчүлүктөр бар. “Олжогерлер” деп Тарзи ооган өкмөтүнүн куралдуу оппоненттерин айтып жатат. Анын үстүнө Ооганстанда демонстрациялар абдан мыкты уюштурулууда. Экинчиден, Кабулдан башка бардык аймактарда аламан жыйындар негизинен антиамерикалык маанайда болуп жатат.

Америкалыктар болсо такмаза сүрөттөр өнөктүгүнө тартылган эмес, демек мунун артында чоң пландар бар экени талашсыз.
Меймана шаарындагы окуяларга токтолуп,Тарзи жалпы эле Фаруб аймагын азыр өзбек генералы Рашид Достум менен анын мурдагы союздашы генерал Абдул Малик талашып жатканын эске салды. Дүйшөмбү күнү Достум менен президент Хамид Карзай атайын жолугуп,сүйлөштү. Тарзинин айтымында,ушунун өзүнөн эле ырасмий Кабулдун түндүктөгү провинцияларга байланыштуу кооп-коогасы күчтүү экенин боолголосо болот.

XS
SM
MD
LG