Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

7-февралда Ташкент шаарынын граждандык соту “Фриидом Хауз” уюмунун апелляциялык арызын канааттандырган жок. Өзбекстандын юстиция министрлиги баш кеңсеси АКШда жайгашкан уюм бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамды бузду деген кине менен анын өлкөдөгү ишмердигин 6 айга токтотууну чечкен эле. “Фриидом Хаузга” ал өзбекстандыктарга интернетти бекер колдонууга мүмкүнчүлүк берүүдө, каттоодон өтпөгөн укук коргоо уюмдары жана саясий партиялар менен алака түзүүдө деген күнөө тагылган. Буга карабай, “Фриидом Хауз” алты айлык жазалоо аяктаганга чейин Өзбекстандагы кызматкерлерин кармап турууну чечти.

Дүйнөдөгү эркиндиктин абалын иликтеген “Фриидом Хауз” былтыр майдын этегинде эле, Анжиян окуяларынан көп өтпөй проблемаларга туш боло баштаган.
Уюмдун директорунун программалар боюнча орун басары Лиза Дэвис 29-майда Самарканд шаарында сессия өткөрүп жаткан “Фриидом Хауздун” расмий өкүлдөрү 15 чакты киши менен тиреше кеткенин айтат. Алар “Фриидом Хаузду” ваххабистсиңер деп айыпташкан.

Лиза Дэвистин ырастоосунда, ал акция алдын ала даярдалган. Бирок Анжиянга чейин эле уюмдун кызматкерлери Өзбекстанда далай кыйынчылыктарга туш болуп келген:

Биздин жергиликтүү кызматкерлерибиздин дээрлик бардыгы суракка алынып, ар кандай кысымга туш болушкан. Менеджерлерибиздин бири- өзбек жараны, университеттеги кызматынан бошотулган.

“Фриидом Хауздун” иши Ташкентте былтыр ноябрдан тартып, 2006-жылдын 11-январына чейин каралган. Анын соңунда Юстиция министрлиги уюмдун ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Судья, адегенде, өзүн адискөй көргөзүп, процессти мыкты алып барган. Ал уюмдун 8 күбөсүн алып келүүгө уруксат берген. Бирок акыр–аягында аларга каршы чечим чыгарды, - дейт Дэвис.

“Фриидом Хауздун” аткаруучу директору Женифер Виндзор “Азаттыктын” кабарчысына билдиргендей, уюмдун ишмердиги токтотулганы менен, ал жердеги кызматкерлер бошотулбайт:
Биз эч кимди иштен бошотууну пландабайбыз, себеби эларалык коомчулуктун, “Фриидом Хауздун” колдоосу кыйын кезеңди кечирип жаткан өзбекстандык укук коргоочулар үчүн абдан маанилүү.

Анын ырастоосунда, аппеляциялык соттун чечими алдын ала эле белгилүү болгону менен, анда келтирилген фактылар абдан бурмаланган:

Бизге тагылган айрым айыптар, кээ бир күбөлөрдүн айткандары күлкүңдү келтирет. Алар өзбек бийлигинин эларалык коомчулук алдында адам укуктарын коргоо тармагында алган милдеттенмелерин кантип аткарып жатканын көргөзөт. Бул режим элге так малымат жеткирүү аркеттерин муунтуп жатат.

Уюмдун иликтөөсүнө ылайык, 2005-жылы саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер тармагында Өзбекстан, Түркмөнстан менен катар төмөнкү көрсөткүчтөргө ээ болгон.

Каримов режиминин кысымы алдында Өзбекстанда 200 чакты жергиликтүү коммерциялык эмес уюм жабылды, бир нече чет өлкөлүк бейөкмөт уюм өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Алардын арасында Би-Би-Си, Интерньюс жана Ачык коом институту бар.

Коламбия университетинин Борбор Азия боюнча эксперти Александр Кулей мындай кадам чоң залака тийгизди, себеби Анжияндагы кан төгүүдөн кийин ошол уюмдардын жардамы менен гана Батыш менен Ташкенттин диалогун улантууга мүмкүн болчу деп ырастайт.

“Азаттыктын” кабарчысы Николай Крастев Өзбекстандын Вашингтондогу элчилигинен комментарий алууга аракеттенген эле, бирок анын өтүнүчү жоопсуз калды.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG