Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

АРИЭЛЬ ШАРОНГО ЧУКУЛ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ


Израилдин премьер – министри Ариэль Шаронго ишембиде чукул операция жасалды. Мунун алдында дарыгерлер анын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин, өмүрүнө коркунуч бар экенин маалымдашкан эле. Төрт саатка созулган операциядан соң Ариэль Шарондун абалы оор, бирок стабилдүү, өмүрүнө ушу тапта коркунуч жок деп айтылды.

Израилдин 77 жаштагы премьер- министри мээсине кан куюлду деген диагноз менен ооруканага быйыл 4-январда түшкөн эле. Андан бери эс-учуна келген эмес, бирок абалы бир калыпта экени айтылып жаткан. Иерусалим шаарындагы "Хаддаса" ооруканасы анын абалы кескин начарлап кеткенин, ишембиде эртең менен жарыялады.

Дарыгерлер Ариэль Шарондун тамак сиңирүү системасында олутуу бузулуу бар экенин аныкташкан. Ушундан соң тезинен операция жасоо чечими кабыл алынды. Операция төт саатка созулуп, дарыгерлердин айтымында, жеңил өттү. Натыйжада премьер- министрдин жоон ичегисинин бир бөлүгү алынып салынган. Операциядан соң "Хадасса" ооруканасынын директору Шломо Мор-Йозеф кабарчыларга буларды билдирди:

-Премьер-министрдин абалы туруктуу, бирок оор. Эртең менен чын эле анын өмүрүнө коркунуч болгон. Бирок мен ушу тапта премьер- минстр Ариэль Шарондун өмүрүнө эч кандай коркунуч жок деп айта алам.

Мунун менен Ариэль Шаронго ал январдын башында ооруканага түшкөндөн бери жетинчи ирээт операция жасалып олтурат. Буга чейинки операциялардын натыйжасына ал түтүкчө менен дем алдырылып жана тамактандырылып жаткан.

Израилде быйыл март айынын соңунда паламенттик шайлоо болот. Өткөн бир нече аптанын аралыгында израилдиктер Ариэль Шарондун саясаттан көрүнбөй калгандыгына көнө баштагандай. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, ал жаңы негиздеген борборчул "Кадима" партиясы жеңип чыкчудай. Азыр партлидерликти жана өкмөт башчысынын милдетин вице- премьер министр Эхуд Ольмерт аткарууда.

Ариэль Шарон төшөккө жыгылар алдында ошол жаңы партиясын жеңишке жеткирүү үчүн күрөшүп жаткан. Ал эми өзү мүчө болуп келген, башкаруучу "Ликуд" партиясынан анын Газа секторунан жөө конуштары менен аскерлерин алып кетүү чечимин кескин сындаган партиялаштарына макул эместик билдирип, чыгып кеткен эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG