Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

ЧЫГААН КАЛЕМГЕР, ЧЫНЫГЫ ОЙЧУЛ САЛИЖАН ЖИГИТОВ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАДЫ


13-февраль күнү чыгаан калемгер, чыныгы ойчул Салижан Жигитовду акыркы сапарга узатуу расмиси Бишкек шаарынын Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында болуп өттү. Кошотошууга эл адаттан тыш арбын чогулду.

Аза күтүү жыйынында алгачкы сөздү Салижан Жигитов соңку жылдары эмгектенген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Карыбек Молдобаев сүйлөдү. Ал Салижан Жигитовдун илимий эмгектери да, публицистикалары да, көркөм чыгармалары да, атуулдук позициясы да сөздүн толук маанисинде уникалдуулугу менен башкалардан кескин айырмаланып тургандыгын белгилеп, Кыргыз-Түрк “Манас” университети маркумдун илимий эмгектерин ырааты менен өзүнчө китеп кылып чыгарууга кирише баштагандыгын жарыя кылды.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркумдун жанкурбусу Ишенбай Абдразаков өз сөзүндө эч качан ушинтип досу Салижан Жигитовдун аза митингесинде сүйлөп калары оюна келбегендигин, ал тургай каткырыгы таш жарган курбусунун көзү өтөөрүнө да ишенбегендигин айтып келди.

-Сакеме Жараткан абдан жоомарттык менен көп касиетти берген экен. Тунук акыл, курч талант, мөлтүр булактай болгон адамдык ыйман жана башкаларды. Так ошол касиеттеринин күчү менен кыргыз тарыхынын баарын барактап чыгып, анан кыргыздын азыркы болгон деңгээлин көрүп туруп, канчалык ачуу болсо да, кашкайта чыркыраган гана чындыкты саймедиреп турбадыбы! Ошону кээ бирибиз түшүндүк, кээ бирибиз алигиче түшүнө албай жүрөбүз.

Академик Абдыганы Эркебаев аза жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Салижан Жигитовду улуу устатым деп атады жана анын акындык талантынын, прозалык изденүүлөрүнүн, котормочулук чеберчилигинин, публицистикалык чабытынын артыкчылыктарына, айрыкча адабий сынчылык бийиктигинин жана тереңдигинин сырларына токтолду.

-Ушунчалык кеменгер киши эле, атүгүл рынок деген эмне экендигин, заман каякка бараткандыгын, доордун тамыры эмне деп согуп жаткандыгын да биринчилерден болуп Салижан агай кемелине келтире жазбады беле! – деди Абдыганы Эркебаев.

Жогорку Кеңеш депутаты Жантөрө Сатыбалдыев өз сөзүндө бир ай чамасындагы убакыттан кийин боло турган Салижан акенин 70 жылдык торколуу тоюнда аны куттуктап сүйлөбөй, азыр жоктоп сүйлөп жатканына каңырык түтөттү. Жигитовдун көртирликтен алда канча өйдө турган адамдык бийиктиги менен кара кылды как жарган чынчылдыгына баа берди.

Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Анатай Өмүрканов Салижан Жигитовду “Доорубуздун Санчы сынчысы” деп атады.

XS
SM
MD
LG