Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:31

Венера Сагындык кызы , Прага Интернетте глобалдык издөө системасын түзгөн “Гугл” компаниясы Кытай бийликтеринин цензура саясатына кошулганы эл аралык деңгээлде ызы-чуу жаратты. “Гугл” кампаниясы Кытай бийликтери үчүн жагымсыз маалыматтарды аныктай ала турган система түзүүгө макул болгон. Бул маселе боюнча “Гуглдун” өкүлдөрү 15-февраль күнү АКШ конгрессинде түшүндүрмө беришет. “Азаттыктын” “Акча жана демократия” түрмөгүнүн бүгүнкү чыгарылышы АКШда бизнес менен саясаттын тирешүүсүн жараткан ушул окуяга арналат.

“Гугл” компаниясынын тегерегиндеги талаштарга Америкалык карикатурист Марк Фиоре атайын видеореклама арнады. “I repress”, же кыргызча “мен куугунтуктайм” деп аталган бул азил технология АКШлык интернет компания менен Кытай бийликтеринин кызыкчылыгынан жаралган ноу хау, - деп жарыялайт бул жарнама. АКШлык “Гугл” кампаниясы бул жерде бизнесин өнүктүрүп, акча табууну көздөсө, Кытайдын бийликтери өз өлкөсүндөгү сөз эркиндиндигин көзөмөлдөөгө куштар. Бул жарнаманын автору Фиоре Америкалык компаниялар Кытай өңдүү килейген базарга келгенде, башка принциптерин артка кое салат деп ачууланат.

Өткөн аптада АКШ конгрессмени Том Лантос окуяга төмөнкүдөй баа берди:

- Америкалык жогорку технологияга адистешкен компания өз өлкөсүндөгү сөз эркиндигин кысымга алган өкмөткө жардам көрсөткөнү – бул эми түшкө кирбей турган окуя, үрөйдү учурган оюн, - деп айтты конгрессмен Лантос.

Вашингтон тарабынан катуу сынга кабылган “Гугл” компаниясы ырасмий Бэйжиндин сунушун кабыл алганын башкача өңүттөн түшүндүрүүгө аракет кылууда. Компаниянын саясий кеңешчиси Эндрю Маклауглин “Гуглдагы” издөө жыйынтыктарын иргеп алуу биздин миссияга каршы келбейт”, - деп билдирип, “дүйнө калкынын бештен бирин түзгөн Кытайда таптакыр бизнес жүргүзбөй калуу мындан алда канча чоң жоготуу болмок”, - деп кошумчалады. Билдирүүдө айтылгандай, “Гугл” системасы цензураны акыйкат жүргүзөт, мисалы, Тибет, же адам укуктарына байланыштуу маалыматка жол жабылса, ал тууралуу интернет пайдалануучуга ачык-айкын маалымдалат. Мисалы, “сиз издеп жаткан маалымат цензурадан улам көрсөтүлбөйт” деп.

Бирок Интернет коомчулугу арасында “Гуглдун” саясатын түшүнүү менен кабыл алгандар да болбой койгон жок. Оксфорддогу Интернет боюнча институттун өкүлү Виктория Наш:

- Ушуга окшогон кырдаалдарда кээде өлкөдө өз ишмердигиңди жүргүзүү мүмкүндүгүн сактап калсаңыз, анан барып Батыштагы сөз эркиндигин акырындап жайылта аласыз.

“Гугл” компаниясы Кытайдын бийликтери менен кызматташып жаткан жалгыз Интернет компания эмес. “Яху” компаниясы да кезегинде Бэйжинге айрым маалыматтарды өткөрүп берип, кеминде бир диссиденттин кармалышына өбөлгө түзгөн. Айтор “Гугл” компаниясынын тегерегиндеги чатак “акча жана демократия” деген маселени кайра бир сыйра кызытты. Айрым саясатчылар “Гуглдун” башкы урааны “балакетти баштаба” деген сөздөр экенин улам кайталап жатса, бизнес өкүлдөрү алар үчүн эң ириде киреше табуу маанилүү экенин айтышууда.
XS
SM
MD
LG