Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Төрөкул Дооров, Прага. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети “Ирак акыркы чейрек кылымда журналисттердин өмүрү үчүн эң коркунучтуу жайга айланганын” кабарлады. Ирак согушу башталгандан бери ал жерде 61 журналисттин өмүрү кыйылган. Болгондо да алардын 75% жергиликтүү кабарчылар. Салыштыра келсек, мисалы, 1993-96-жылдары Алжирде болгон граждандык согуш учурунда 58 журналист окко учуп өлгөн эле.

Журналисттерди коргоо Комитети 24 жылдан бери иштеп келатат. Ошондон тарта журналисттердин иши үчүн эң опурталдуу жай деп быйыл Ирак аталды.

Комитеттин жылдык докладында айтылгандарга караганда, өткөн эле жылы Иракта иштеген 22 кабарчы набыт болгон. Алардын үчтөн бири – ирактык журналисттер. Быйыл жыл башынан бери дагы бир журналисттин өлгөнү маалым болду. Көпчүлүк учурларда калем ээлери козголоңчулардын чабуулдарынын же террор актыларынын курмандыктарына айланышууда.

“Эркин Ирак” радиосунун Багдаттагы кеңсесин жетектеген Моайед ал-Хайдаринин айтымында, бул доклад ирактык журналисттерге мурдатан эле дайын болуп келген нерселерди ырастап жатат.

“Эл аралык маалымат каражаттары Иракта чет-элдик журналисттер уурдалып, же өлтүрүлгөндө эле чоң чуу чыгарышат. Чын-чынында жергиликтүү ирактык кабарчылар бул коркунучтарга дайыма кабылып келишүүдө”, - дейт ал.

Анын оюнда, Иракта экстремисттер өздөрүнүн кызыкчылыгына коркунуч келип жатканын түшүнө баштаганда сөз эркиндигине басымды күчөтө башташат.

- Бул жерде, Багдатта, баары эле, Ирак, балким, азыр дүйнөдөгү эң коркунучтуу жер экенин жакшы билет. Бирок айрым адамдар сиздин максатыңызды, тажрыйбаңызды билбегендиктен, сиз үчүн коркунуч эки, керек болсо, үч эсе көбөйүшү мүмкүн. Айрым адамдар журналисттерден коркушат, анткени аларды душман деп билишет. Ал эми дагы бирөөлөр, өзгөчө, экстремисттик топтор, журналисттерди эле эмес, жалпы эле маалымат каражаттарын көрөйүн деген көзү жок.

Эл аралык маалымат каражаттары, анын айтымында, өздөрүнүн журналисттеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чоң каражаттарды жумшап жатышат. А жергиликтүү басылмалар менен үналгы-сыналгы каналдардын журналисттери өлүмдөн качып кутулуу үчүн чектелүү гана мүмкүнчүлүктөргө ээ.

- Менин иш күнүм таң эртелеп эле коркунуч менен башталат. Алгач үйүмдөгү дарбазага көз жүгүртөм. Андан кийин көчөнү бир карап коюшум керек. Мен өтө сак болушум зарыл, балким, мени атып кетейин деп, жакын арада бирөө жарым турушу мүмкүн. Машинени айдап баратсам да, же айдоочум мени интервьюдан кийин жумушка алып баратканда да, - баардык учурда өтө ушар болушум лаазым. Мен дайыма бүт нерсеге даяр турушум керек. Мени уурдап, же өлтүрүп кетиши деле мүмкүн да, - дейт “Эркин Ирак” радиосунун кабарчысы ал-Хайдари.

Журналисттерди коргоо Комитетинин кабарында айтылгандай: “Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттериндеги журналисттер да мына ушундай эле коркунучтарга кабылышууда”. Каерде болбосун, калем ээлерин көп учурларда жазган макалалары үчүн өлтүрүшөт.

Кабарчыларды өлтүрүп жаткандар, адатта, жазасын тартышпайт. Мисалы, 2005-жылы кабарчыларды мууздагандардын 90% жазадан качып кутулган.

Докладда көрсөтүлгөндөй, көз-карандысыз маалымат каражаттарына Орусияда, Казакстанда жана Өзбекстанда азырга чейин басым күчтүү бойдон калууда. Болгондо да, ал көбүнчө “мамлекеттик коопсуздук” көйгөйү менен байланыштырылып жасалып жатат.

Комитет дүйнөдөгү башка мамлекеттерге эле эмес, Кошмо Штаттарынын өзүндөгү кырдаалга да сын пикирин билдирди. Уюмдун изилдөөчүлөрүнүн бири Алекс Лупистин айтымында: “АКШ жетекчилигинин антитеррористтик чараларга байланышкан аракеттери көп учурда региондордогу авторитардык лидерлерге “террорго каршы күрөш” деген ураанга жамынып алып, маалымат каражаттарына карата репрессивдүү саясат жүргүзүүгө жок ачып жатат”.
XS
SM
MD
LG