Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

КАРИКАТУРА КРИЗИСИ: ЕВРОКОМИССИЯНЫН ТӨРАГАСЫ ДАНИЯ ЭЛИНЕ ТИЛЕКТЕШТИГИН БИЛДИРДИ


Мухамед пайгамбарга тартылган карикатураларга байланыштуу тутанган нааразылык дээрлик эки жумадан бери тынчыбай жатат. Демонстранттар Евробиримдиктин өкмөттөрүнөн кечирим суроону талап кылышууда. Алар болсо биз көз карандысыз маалымат каражаттарын көзөмөлгө алууну каалабайбыз деп кайталап келатышат.

Шаршембиде Пакистандын Лахор жана Пешавар шаарларында нааразылык акциясынын катышуучулары бир нече имаратты өрттөштү. Полициянын маалыматына ылайык, Пешавардагы жыйынга 70 миңге жакын киши чогулду. Аламандаган демонстранттар норвегиялык “Теленор” байланыш компаниясынын баш кеңсесине кирип барып, чаң-тополоң салышты.
Полиция демонстранттарга каршы жашы чыгаруучу газ, желим союлдарды колдонду. Тополоңдо 3 киши, анын ичинде 8 жашар бала каза тапканы кабарланууда.

Филиппиндердин баш калаасы Манилада Даниянын элчилиги алдында чогулган эл падышалыктын желегин өрттөп салышты. Минданао чөлкөмүндөгү мусулман коомчулугунун лидери, депутат Мужиб Хатаман демонстранттар Дания өкмөтүнөн расмий кечирим суроосун күтүүдө дейт:

Биз алар “Юлданс Постен” гезитинин кылганын айыптасын дейбиз. Дания өкмөтү өз элинин атынан кечирим сурашы керек. Албетте, карикатураларды чыгарган гезит да кечирим суроого тийиш.

Бирок Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо шаркеттин өкмөттөрү көз карандысыз басылмалар же жеке адамдардын атынан сүйлөй албайт деп белгиледи.

Өкмөт же башка бийлик органдары жеке адамдарга көз караштарын билдиргенге көрсөтмө же буйрук бере албайт. Пикирин айткан адам ал үчүн жеке өзү жооп берет. Ага өлкөнүн, элдин же диндин тиешеси жок, - деди Баррозо Страсбургда Европарламентарийлердин алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Баррозо исламды, анын Европа тарыхына жана маданиятына болгон салымын урматтай турганын айтып, сөз эркиндигинин принциптерин жактады.
Еврокомиссиянын төрагсы ошондой эле кээ бир мусулман өлкөлөрүндө Даниянын продукциясын бойкотто демилгесин сынга алды.

Соода бойкоту маселени чечүүгө жардамдашпайт. Ал тараптардын экономикалык кызыкчылыктарына, Евробиримдик менен айрым мусулман өлкөлөрүнүн өнүгүп келатакан соода байланыштарына зыян алып келет. Сооданын жардамы менен өз ара түшүнүүчүлүктү өнүктүрсө болот. Биз ачык эле айталы, Даниянын товарларын бойкоттоо Европанын товарларын бойкоттоого барабар, - деген Баррозо кээ бир мусулман мамлекеттеринде даниялык элчиликтердин, Еврошаркеттин кеңселеринин өрттөлүшүн айыптады.

Чехиянын тышкы иштер министри Сирил Свобода жана бир катар башка саясатчылар биримдик бойкоттон жабыркаган даниялык компанияларга компенсация сунуш этиши ыктымал деп божомолдошот.

Баррозо болсо Евробиримдик Дания өкмөтүнө жана элине моралдык колдоосун көргөзүп жатканын баса белгиледи:

Мен Даниянын премьер-министри менен сүйлөшүп Еврокомиссиянын тилектештигин билдирдим. Бүгүн ушул жерден Европадагы гана эмес, дүйнөдөгү эң толеранттуу жана ачык өлкө деген абройго ээ болгон Даниянын элине тилектештигимди билдиргим келет.

Даниянын толеранттулугун, Батыштын сөз эркиндиги принцибин сыягы, Иран сынактан өткөргүсү келет.
14-февралда “Хамшахри” гезитинин башкы редактору пресс-конференция өткөрдү. Аталган басылма Холокостко карикатура тартуу боюнча конкурс уюштурганы жатат.

Мындай демилгени Ирандын өзүндөгү, чет өлкөлөрдөгү жөөт уюмдары катуу айыпташты.
“Хамшахри” даниялык гезиттен айырмаланып көз карандысыз эмес, ал Тегеран шаарынын муниципалитетине баш ийет.

Эсиңиздерге сала кетейин, Мухамед пайгамбарга тамаша сүрөттөр алгач Даниянын “Юлденс Постен” деген гезитинде жарык көрүп, аларды андайн кийин бир катар башка басылмалар көчүрүп чыгарышты.

XS
SM
MD
LG