Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

ТҮРКМӨНСТАН, ПАКИСТАН, ООГАНСТАН, ИНДИЯНЫ ТУТАШТЫРГАН ГАЗ КУУРУНА КЫЗЫГУУ ӨСҮҮДӨ


Ооганстан, Индия, Пакистан жана Түркмөнстандын отун-энергия тармагы боюнча министрлери шейшемби-шаршемби күндөрү Ашхабадда кездешип, түркмөн газын Түштүк Азияга ташыган куурдун долбоорун талкуулашты. Долбоор оболу 1990-жылдардын башында пайда болуп, талиптер Ооганстанда бийликке келгенден кийин унутта калган. Куур Түркмөнстанга газды азыркыдай Россия аркылуу эмес, түздөн түз тышкы базарга сатууга мүмкүндүк бергени менен маанилүү.

Түркмөн газын Пакистан, Ооганстан аркылуу Индияга ташыган куурдун долбоору айрым эсептөөлөргө караганда, 3,5 миллиард доллардан кем болбойт. 1680 чакырымдык куурду куруу жөнүндөгү келишимге Түркмөнстандын, Ооганстандын жана Пакистандын президенттери 2002-жылы кол коюшканда, курулуш үч мамлекет үчүн “өтө маанилүү” деп белгиленген. Анткен менен, эмне үчүн долбоор жылбай турду? Пакистандык талдоочу Хасан-Аскари Ризвинин айтмында азыр планды түзүүгө чейинки иштер жүрүүдө:
-Чындап эле боро курулса, анын мааниси Пакистан үчүн да, Иран үчүн да өтө чоң болот. Мурда да азыркы жолугушуунун катышуучулары кездешип, лекин конкреттүү кадам жасалган эмес.

14-15-февралда Ашхабадда болгон кездешүүдө Түрмөнстан, Ооганстан, Пакистан жана Индиянын отун-энергия министрлери адеп 1990-жылдардын башында жаралган идеяны турмушка ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Индиянын мунай-газ министри Динша Пател долбоорго жакында Индия да кошулушу ыктымал экенин билдирди.

Хасан-Аскари Ризвинин сөзүнө караганда, долбоорго болгон кызыгуу 2001-жылы талип өкмөтү кулатылып, Ооганстанда саясый кырдаал турукташа баштагандан кийин кайра жанданды:

-Ооганстанда туруктуулук болгондо, мурда талкууланып, алиге кагаз бетинде жаткан долбоордун иши башталмак.

Түркмөнстан үчүн долбоор, мунай-газ министри Г. Атаевдин сөзү менен айтканда, өлкөнү Түштүк Азиянын базарына жакындатканы жана региондо көгүлтүр отунга болгон керектөө ылдам өсүп баратканы менен маанилүү. Андан да мыктысы- Ашхабадга азыркыдай Москванын көзүн карабай, газды эл аралык базарга түз чыгарууга мүмкүндүк берет.

Маалымат булактарынын кабарлашынча, азыр газ боросунун эки долбоору талкууланууда. Бир вариант боюнча, куур Ооганстандын түштүгү, Пакистан аркылуу Индияга чыгат. Ооганстандын түштүк аймагында талиптер али күчтүү.
Экинчи вариант боюнча, куур Ооганстандын түндүгү аркылуу өтүп, бир кыйла кыска болот.

Индия Ирандан да газ алууга кызыкдар жана Ооганстандагы кырдаалга байланып калбас үчүн, Иран- Пакистан-Индия куурун курууга көңүлдү бар.

Вашингтондо Түштүк Азия өлкөлөрү Иран газына көз каранды болуусун каалашпайт. Ошон үчүн, АКШ бийликтери башынан эле түркмөн газын Индия океанына чыгарган борого ынтызар болуп жүрөт.
XS
SM
MD
LG