Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:22

Качкындарга байланыштуу укук коргоочулар президентке кайрылышты


БИШКЕК. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюму беш өзбек бозгунун Ташкенге өткөрүп бербөө өтүнүчү менен президент Курманбек Бакиевге кайрылды. Анда өзбек бозгундары Жахангир Максудов жана Одилжан Рахимовго качкын макамы берилбей калганына тынчсыздануу билдирилип, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткарышы керектиги белгиленген. «Беш качкынга байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстан лидерлеринин ортосунда саясий оюн жүрүп жатат, бирок биз президент Курманбек Бакиевдин эл аралык мыйзамдарды сактап, беш өзбек бозгунун Өзбекстанга өткөрүп бербөөсүнө жетишүүгө аракет жасайбыз»,- дейт «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова. Улуттар уюмунун качкындар башкармалыгы да өзбек бозгундарын күч менен мекенине кайтарууга жол бербөөгө кыргыз жетекчилигин чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG