Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Иран, Индия, Австралия өлкө аймагында канаттуунун сасык тумоосу катталганын ырасташты


Иранда, жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, өлкөнүн түндүк бөлүгүнөн өлүгү табылган 100дөн ашуун ак куудан алынган анализдер алар ушул илдетке кабылганын көргөзгөн. Муну менен канаттуунун сасык тумоосунун вирусу Иранда биринчи ирээт катталып олтурат.

Индияда, расмий өкүлдөрдүн айтымында, Махраштра деген штатта соңку бир нече күндүн аралыгында 50 миңдей канаттуу кырылган.

Австралиядан табылган ак кууларда, лабораториялык анализдер H5N1 вирусу бар экенин ырастаганын 18-февралда жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

Ал эми Индонезияда өлкө бийликтери ушул илдеттин айынан дагы бир адам каза тапканын ишембиде тастыкташты. Ушуну менен алардын саны Индонезияда 19га жетти.

Улан Эшматов, Жаңыл Жусупжан, Прага

XS
SM
MD
LG