Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ ТӨРАГАЛЫК ОРДУНДА КАЛДЫ


20-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын карашты. Добуш берүүгө 62 депутат катышты. Бюллетен таштоо жабык жүрүп, анын жыйынтыгында 34 депутат Текебаевдин кетишине "макул" деп добуш беришти, төрага кызматтан кетиши үчүн 38 добуш зарыл болчу. Ошентип Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон калды.

Төраганын кызматтан кетишине байланыштуу добуш берүүнү уюштуруу максатында жети депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлдү. Бюллетен аркылуу добуш беришкен 62 депутаттын 34ү "макул" деген позициясын билдиришкен. Башкача айтканда, ушунча депутат Текебаевдин кызматтан кетишин каалашты. Ал эми 24 депутат "каршы" добуш беришкен.

Текебаевдин отставкасынын тагдыры депутаттар добуштарын кандай берет, ошого жараша чечилди. Айрым депутаттар добуш берүү ачык жүрсүн дешти, ал эми айрымдар болсо жабык - бюллетен таштоо аркылуу Текебаевдин тагдырын чечели дешти. Ал эми Текебаевдин өзү болсо ачык добуш берүүнү Ак үйгө отчет берип, көрүнгүсү келген депутаттар жасап жатат деп билдирди. Натыйжада 18 депутат жабык добуш берели деп добуш беришти, бул болсо Текебаевдин отставкасына жабык добуш берели дегенге жетиштүү болду. Ошентип, 7 депутаттан турган эсептөө комсиссиясы түзүлүп, бюллетендер жабык ташталды.

Өмүрбек Текебаев добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийинки өз сөзүндө ага каршы добуш беришкен 34 депутатка эч убакта таарынбай турганын, бирок бул ага чоң эскертүү экенин жарыялады.

XS
SM
MD
LG