Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Министрлер парламентти таркатуу боюнча билдирүү жасаштыбы?


БИШКЕК. 20-февралда президенттин администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун демилгеси менен министрлердин баары Жогорку Кеңештин ишин сынга алган жана анын таратылышын талап кылган билдирүүгө кол коюшту деген мааламатты 21-февралда депутат Мелис Эшимканов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, мындай билдирүүгө бир гана өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев кол койгон жок. Эшимканов белгилегендей, бул билдирүү тууралуу премьер-министр Феликс Кулов президентке маалымдаган жана президент аны четке каккан. Ал эми айрым министрлер, алардын ичинде билим берүү министри Досбол Нур уулу, өнөр жай министри Алмаз Атамбаев мындай билдирүү жасалган эмес деп ушул эле күнү «Азаттыкка» билдиришти. Буга чейин, 8-февралда министрлер Жогорку Кеңештин төрагасы Ө. Текебаев президенттин аброюна шек келтирген сөздөрдү айткандыгы үчүн кызматынан кетиши керек деген мазмундагы билдирүүгө кол коюшкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG