Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Беларуста жергиликтүү бейөкмөт уюмунун мүчөлөрү камакка алынды


Беларустун коопсуздук кызматынын, КГБнын агенттери демократияны өнүктүрүү иштери менен алектенген бейөкмөт уюмдун мүчөлөрүн камакка алышты. “Жарандардын демилгеси” деген топтун 4 мүчөсү 21-февралда кармалган. КГБ аталган топ баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Улуттук демократиялык институт тарабынан каржыланган деп ырастоодо.
Беларус өкмөтү уюмга эки жыл мурун тыюу салган. КГБнин билдирүүсүнө ылайык, тыюуга карабай, уюм жыйналыштарын уланта берген жана 19-мартта өтүүчү президенттик шайлоо маалында нааразылык акциясын өткөрүүнү пландаган.
Кармалгандар 3төн 5 жылга чейин түрмөгө кесилиши ыктымал. Алар азыр сурак берип жатышат.

XS
SM
MD
LG