Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

ОРУСИЯДА ЖАҢЫ КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ЖҮРГҮНЧҮЛӨР БАРАТКАН УЧАКТЫ АТЫП ТҮШҮРҮҮГӨ ЖОЛ БЕРЕТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын Мамдумасы 26-февралда «Террорчулукка каршы аракет жазоо тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү жана акыркы жолку окулушун өткөрүп долбоорду бекитти. Барымтага алынган кишилерди куткаруу боюнча жанкечти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн, бирок андай сүйлөшүүлөрдө саясий талап болсо талкуу улантылбайт. Террорчулукка каршы жүргүзүлчү операциялар маалында телефон аркалуу сүйлөшүүлөрдү, интернет байланышын аңдуу үчүн атайын кызматындагылар укук алышат. Журналисттер ишкердүүлүгүнө чектөө салуу болбойт. Жаңы мыйзам террорчу барымтага алган учакты атып түшүрүү үчүн да уруксат берет. Долбоорду жогорку палатада кароо 1-мартка божомолдонууда жана президент кол койгондон кийин ал мыйзам болуп күчүнө кирмекчи.

Буга дейре Орусияда башында өкүмөт жетекчиси турган террорчулук менен күрөшүүчү комиссия бар эле. Мамдуманын коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Владимир Васильев айтканга караганда, ал комиссия «Кийин Бесланда мурда «Норд Остто» террордук актылар болгондо эч нерсе жазай алган эмес». Баса, жаңы мыйзамды (ФСБ) федералдык коопсуздук кызматы турмушка ашырары айтыла баштады.

Орусияда 2004-жылы кайгылуу кан төгүүлөр катуу башталганда, анын бири – Беслан мектебин барымтага алуу болуп андан канчалаган жаш муундар кырылганда «террор менен күрөшүү» долбоору пайда болгон экен. Ал создуктурула баштаганда аны тезинен кабыл алдыруу үчүн президент Путин январь айында Мамдумага кат менен кайрылып депутаттарды сындаган экен.

Ошол долбоор үчүнчү жана акыркы окулушу 26-февралда өтүп, аны «маакул» деген 423, «каршы» деген 1 жана калыс калган 8 депутат добушу мыйзам болсун деп бекиткен. Ал мыйзамда террордук акты жүрүп атканда телефондо сүйлөшүүлөрдү, жанкечти барымтага алган учакты атып таштоо сыяктуу адам укугун чектөөчү беренелер бар экенин белгилешет. Суроого жооп айткандар учакты атардан мурда асмандан да, жерден да текшерүү болорун айтышкан. Ушул эле эреже менен сууда жүрүүчү кемелерди да жок кылуу болору анык болот.

Анализчилер чөйрөсүндө болсо орусиялыктарды кабатыр кылган жери ушулар дешет. Мамдумада коопсуздук боюнча комитетинин жетекчилеринин бири Виктор Ильюхин айтканга караганда - бул билип туруп өз атуулдарын курмандыкка ыраа көрүү катары бааланат:

«Террорчулар барымтага алган самолет ичинде 200-300 жүргүнчү болот, анда эмне, биз анча кишини билип туруп өлтүрүүгө барган болобузбу?» , - дейт коммунисттер фракциясынын мүчөсү Ильюхин.

Ага каршы ойду «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде Республикалык партиянын теңтайлаш төрагасы Владимир Лысенко айткан: «Барымтага алынган ал самолет кандайдыр бир атомдук борборго же эң ири калаага, айталы, Маскөөгө карап бет алса анда кантип чыдап турса болот?», - дейт ал.

Парламенттер арасында бул кепте Нью-Йоркто 11- сентябрдеги кайгылуу учурга шилтеме бергендер бар. Мындай мыйзам амал кеткенден улам болуп кабыл алынганын жана ал жанкечтиге карата сез көргөзүү экенин «Мекен» фракциясынын лидери Сергей Бабурин айткан:

«Бул террорчулардын (мындан ары – ММ) ракета же торпеда ордуна учакты колдоно албастыгын түшүнүшү үчүн жазалып аткан иш», - деген Бабурин.

Жаңы мыйзам арибинде террорчулук актысы башталганда журналисттерди мурдагыдай чектөө болбой тургандыгы айтылган. Хелсинки тобунун Маскөөдөгү бөлүгүнүн жетекчиси Нина Таганкина айтканга караганда, «федералдык мыйзам канчалык адилеттүүлүк багытта жазылбасын, аны турмушка ашырууда аны аткаруучулар өз билгенин жазап, бузуп сала беришет», - дейт.

Жаңы мыйзам арибинде террорго каршы актыларды өткөрүү маалында куралдуу күчтөр аскерлерин, согуштук техниканы кеңири колдону да болору айтылган.

Саясий анализчилер болсо, бул, демек, федералдык коопсуздук кызматынын коомчулукту кысымыга алуусу мурдагысынан артып эми анын мамлекет ичиндеги мамлекетке айлануусу башталат дешет.

XS
SM
MD
LG