Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

“ДОСУМ ҮСӨН” ТОБУ 35 ЖАШКА ТОЛДУ


Маектешкен Айжан Шаботоева Кыргызстан элине кеңири таанымал “Досум Үсөн” тобу март айынын биринен төртүнө чейин 35 жылдык мааракесин белгилейт. Топтун көркөм жетекчиси Юрий Бобков “Азаттык” радиосуна берген маегинде мааракеге арналган бул концертке биринчи жолу өкмөт жардам берип жаткандыгын айтты.

- Юра мырза, айтсаныз, негизи эле бул топ кимдин идеясы аркылуу түзүлгөн?

- Менин мектепте чогуу окуган Ишенбек деген досум бар эле. Экөөбүз үйлөмө оркестрге да катышканбыз. Мына ошол маркум досум экөөбүз оркестрге катышкан эки класстын балдарын чогултуп түзгөнбүз.

- Мына ушул 35 жыл аралыгында канча өнөрпозду тарбияладыңыздар?

- Ачыгын айтканда санап деле көрбөптүрмүн. Бул топто негизги курамынан башка кенже курамы бар эле, мына ошол кенже курамдан чыккан доценттер, милициянын майор, полковниктери, атагы чыккан спортсмендер бар. Мисалы, учурда белгилүү “Өмүр” тобунун аранжировщиги бизден тарбияланган бала.

- Бул мааракелик концертке “Досум Үсөн” тобунун мурдакы чыгармачыл жамааты да катышса керек?

- Сөзсүз катышат. Мына ошол мурда иштеп кеткен балдар баарыбыз кеңсеге чогулуп, өткөн-кеткенди эстеп кассеталарды көрдүк. Бүгүндөн баштап даярданып баштайбыз.

- Мааракени өткөрүүгө колдоо корсөткөндөр болдубу?

-Бул концертке биринчи жолу өкмөт жардам берип жатат.Мен өзүм деле сураган жокмун. Мен ойлойм, 35жылдык маараке - Кыргызстандын майрамы. Бул концертке биз бир жарым жыл даярдандык. Ал эми деңгээли кандай болгонун эл өзү баалайт.

- Топтун катарына жаңы ырчылар кошулдубу

-Топко Стас Пашковский деген жаңы ысым кошулду. Ал бала кыргызча билбейт, бирок ырдайт. Мен ойлойм, бир жылдын ичинде тилди да билип калат. Бул концертте анын тушоосу кесилет.

- Тил демекчи, Cиз “Досум Үсөн” тобун жетектөө менен бирге кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча көптөгөн акцияларды өткөрчү элеңиз. Акыркы убактарда мындай иш чаралар болбой калды, мунун себеби эмнеде?

-Мурдагы тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Казат Акматовдун идеясы, менин эмгегим менен “Ырдайлы кыргыз ырларын” деген фестивалды түзүп, беш жолу өткөрдүк эле. Бирок, кийнчирээк кандайдыр бир себептер менен токтоп калды. Эми кайра тил комиссиясына чакырып жатышат. Буйруса жакында кайра баштайбыз.

- “Досум Үсөн” тобунун репертуарында көбүнчө кайсы тилдеги ырлар басымдуулук кылат?

- Концерттик репертуарда кыргызча ырлар басымдуулук кылат. Негизи топтун репертуарында кыргызча да, орусча да, англисче да ырлар бар.

- Мааракеге карата жаны ырларды жаздырсаныздар керек?

- Акыркы жети-сегиз жылдан бери ырдаган ырлардан бирден куплет алып, попури кылып концертти ачабыз. Кечеде ырдала турган ырлардын 95 пайызы жаңы ырлар, эски ырлардан ырдасак экини гана ырдайбыз.

-Маданият министрлиги тарабынан фонограмасыз ырдагыла деген талап коюлуп жатпайбы, ал эми сиздердин концерт мына ушул талапка жооп береби?
-Коюлган талап туура, бирок бул чоң маселе. Техникалык жактан эле айтсак, көп сөз. Биз нак туруп деле, инструментте ойнобой туруп эле ырдап беребиз.

-Мааракеге арналган чоң жана жаңы программадагы концертти айыл жергесиндеги күйөрмандарыңыздар да көрө алышабы?

-Бул концерт бүтсө биринчи гастролду Көл жергесинен баштайбыз, андан кийин Кыргызстандын башка аймактарын кыдырабыз.

- Сиз 1996-97-жылдары “Ысык-Көлдө кадыр түн” аттуу чоң фестивалды уюштурдуңуз эле, эмне себептен аягына чыккан жоксуз?

-Ачыгын айтканда менден талашып алып коюшкан. Талашып алганын алышып, кыйратып аягына да чыгарышкан жок. Эгерде тартып алышпаганда, жок дегенде “Азия Даусы”, “Юрмала” сыяктуу фестивалдардын катарына кошмокмун.

-Эмне себептен клип тартпайсыздар.

-Жогоруда айтып өткөндөй улуттук телевидение “Ысык-Көлдө кадыр түн” аттуу долбоорумду тартып алышкандан кийин, биздин топтун эфирге чыгуусуна чек коюп, клиптерибизди көрсөтүшчү эмес. Мурда улуттук телеканалда жакпаган адамын чыгарышчу эмес. Керек болсо мени “Төргө өтүңүздөр” деген көрсөтүүгө тартышып, жетекчилеринин каршы болгондугуна байланыштуу ал көрсөтүүнү эфирге кетиришкен жок. Мен да жагалданып барган жокмун. Жакында жаңы клип тарттык, азыр көрсөтүлүп жатат.

-“Азаттык” үналгысынын угармандарына, күйөрмандарыңызга болгон каалоо-тилегиңиз.

-Кыргыз элинде жакшы сөз бар эмеспи “Ырыс алды ынтымак” деген. Анын сыңарындай журтубузда ынтымак болсун. Баарыңыздарга бекем ден-соолук каалайм. Дасторконуңуздар жакшылыкка жайылып эле, үйүңүздөрдөн кут кетпесин!
XS
SM
MD
LG