Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

МАРТ ЫҢКЫЛАБЫ ШАЙЛООДОГУ ЧЫР-ЧАТАКТАРДАН БАШТАЛГАН


Март ыңкылабынын негизги себеби-былтыркы парламенттик шайлоо болгондугу тууралуу саясатчылар башынан эле айтып келишет. Алар шайлоонун адилетсиз өткөндүгү, парламенттик шайлоого президенттин кызы менен баласынын бир убакта баруусу да элдин кыжырын келтирип, бийликти төңкөрүүгө алып келди деген пикирде.

Мындан туура бир жыл мурун, 27-февраль күнү Кыргызстандын ЖК шайлоо болгон. Ошол күнү 75 депутаттык орунга 389 киши ат салышып, биринчи айлампадан 31 талапкер көпчүлүк добушка ээ болуп, депутат болуп шайланышкан. Алардын ичинде Кыргызстандын ошол убактагы бийлик жана ишкер чөйрөсүндөгү салмакка ээ үй-бүлө мүчөсү, президенттин уулу Айдар Акаев да бар эле. Шайлоо болуп өткөндүн эртеси эле шайлоонун жүрүшүнө байкоочулук кылышкан айрым бир бейөкмөт уюмдар шайлоо адилет өтпөгөндүгүн билдирип чыгышкан. Дээрлик бардык шайлоо участокторуна байкоочу койгон “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын юристи Ибраим Орозбаев бийлик байкоочулардын маалыматтарына көңүл бурбай койгондугунан улам, ыңкылап келип чыкты деген сөзүн айтты.

1-айлампанын адилетсиз өткөндүгүнө нааразы болгон эл өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында нааразылык акцияларын өткөрүп жатышты. Жалалабатта Ноокендик шайлоочулар Бишкек-Ош кан жолун бууса, Нарында талапкер Ишенбай Кадырбековдун тарапкерлери Бишкек-Торугарт жолун тосушту.
Мына ушулардын баары ыңкылаптын болушуна түрткү болду деп эсептейт Өзгөн районунан шайланган депутат Жантөрө Сатыбалдиев. Анын сөзү боюнча, бийлик шайлоодон келип чыккан нааразылыктарга көз жуумп, кенебей мамиле жасаган:

-Парламенттик шайлоодо көп аймактарда орун алган мыйзам бузуулардын негизинде нааразылыктар күчөп, таарынычтар көп болгон. Мына ушул элдин толкундоосуна алып келген. Ошол учурдагы бийлик муну боло жүргөн көрүнүш катары кабыл алып, кенебей, көңүл бурбай койгондуктан, 24-марттагы окуялар болду деп ойлойм.


Айрым бир саясатчылар парламенттик шайлоого мурунку президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев менен кызы Бермет Акаеванын бир учурда барышы да элдин кыжырын келтирди деген жүйөөлөрүн айтып келишет. Алардын айтуусунда, ансыз деле президенттик үй-бүлөө мүчөлөрү ал кезде Кыргызстандагы көзгө сүртөр, көбүрөөк пайда бере турган түйүндөрдүн баарын алып бүтүшкөн эле. ЖК дагы бир депутаты Иса Өмүркулов атасы президент болуп турганда балдары саясатка аралашканы моралдык жана этикалык жактан туура эмес болуп калган деген пикирде:


-Ошол убактагы жетекчи кызматта иштегендердин бүт бардык бүлө мүчөлөрү ар кандай структураларда иштеген. Бизнес тармагын колуна алышкан. Бизнес республикалык бюджет менен терең байланышта. Алар бюджеттин 40% уурдашкан. Мына ушунун баарын эл көрүп турган эле да. Бул да бир жагынан түрткү болсо, экинчи жагынан президенттин балдарынын шайлоого барышы дагы себеп болгон.


Мыйзам боюнча, парламенттик шайлоого жогорку бийлик кызматкерлеринин жакындары барышына же бир туугандардын бир учурда шайлоого баруусуна эч кандай тыюу жок. Бирок биз микрофон сунган маектештердин көпчүлүгү март ыңкылабынын келип чыгышына президенттин уулу менен кызынын шайлоого барышы себеп болду деген сөздү колдоого алышты. ЖК депутаты Акматбек Келдибеков алар шайлоого барбай эле коюшса, мынчалык жаңжал болбошу мүмкүн эле дейт:

-Чындыгында эки баласы эмес, бири эле барса болмок. Кызы бул жакта чоң тополоң менен чыкпай эле, атасын сыйласа, атасы аркылуу элди сыйласа, талапкерлигин алып койгондо мынчалык деңгээлде жаңжал болбосо керек эле.


Акматбек Келдибеков шайлоонун адилетсиз өтүшүнө анын бир мандаттуу түрдө гана болуусу да себеп болду деген ойдо. Анын айтуусунда, келерки шайлоолордо пропорциялык шайлоо системасын мыйзамдаштырбаса, шайлоочулардын добушун сатып алуу кадимки көрүнүшкө айлануусу мүмкүн:

-Эгерде дагы бир мандаттуу шайлоо менен парламентти шайлай турган болсок, элди бузуп алабыз. Эл жакырчылыктан 50-100 сомго добушун сатууга барып жатат. Ошону кайталандырбоо үчүн, 100-200 сом үчүн беш жылдык келечегин, ар намысын сатпоосу үчүн кийинки шайлоодо партиялык тизме менен шайлоону да бир мандаттуу шайлоо менен кошо киргизүү зарыл. Ошондо гана татыктуу инсандар шайланат деп ойлойм.


2005-жылы парламенттик шайлоодо утуп чыккан депутаттардын парламентте иш алып барып жатканына дээрлик бир жыл болуп калды. Айрым пикирлер боюнча, шайлоодон мурунку бийликтин колдоосу менен өтүп келген депутаттардын көпчүлүгү азыркы бийликке ыктап кетишти. Саясатчы Бегиш Ааматов ЖК төрагасы Өмүрбек Текебаевдин отставкага кетүүсү менен парламент кайра эле чөнтөк парламентке айлануусу мүмкүн деген шегин билдирди:

-Депутаттар республикада демократиянын өнүгүшүнө, экономикалык реформалардын алдыга жылуусуна салым кошкулары келбей калды. Анткени биздин аткаруу бийлиги өзү Кыргызстанда демократия кургусу жок болуп атат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG