Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

КАЗАКСТАН АТОМ ЭНЕРГЕТИКАСЫН ӨНДҮРҮҮНҮ ЧЕЧТИ


Нарын АЙЫП, Прага 20-февралда казак өкмөтүнүн чечими менен атайын жумушчу топ түзүлдү. Жыйында кабыл алынган чечим боюнча, ал топ өлкөнүн 2030-жылга чейинки өзөктүк кубат энергетикасын өндүрүү боюнча атайын программа иштеп чыгат.

Азыркы учурда дүйнөлүк коомчулук тарабынан Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселелер кызуу талкууланууда. Тегерандын айтымында, ал программалар эч кандай аскерий максатты көздөбөйт, бирок Батыш мамлекеттери айткан сындын бири - мунай менен табигый газ сыяктуу кубат булактарына бай Иранда өзөктүк энергетиканы өндүрүүгө олуттуу себеп жок.

Бирок жакында ошондой эле мунай менен газга бай Казакстандын өкмөтү атайын жумуш тобун түзүп, ага - өлкөдө атом энергетикасын өндүрүү боюнча программа иштеп чыгуу милдетин жүктөдү. Анын жалпы концепциясы былтыр эле даяр болгон жана 2005-жылдын апрелинде жарыяланган.

Анда келтирилген маалыматтарга караганда, кубат байлыктары боюнча Казакстанда биринчи орунда уран турат, ал эми мунай корлорунун көлөмү үчүнчү гана орунда. Бирдиктүү эсепке келтирилгенде, өлкөдө 21 миллиард 24 миллион тонна уран отуну бар, экинчи орундагы көмүр отунунун көлөмү 15 жарым миллиард тоннага жетет, ал эми мунайдын кору төрт миллиард 11 миллион тоннаны гана түзөт.

Адистердин айтымында, мынчалык көп уранга бай Казакстан атом энергетикасын өндүрүүгө милдеттүү жана ал үчүн советтик мезгилден калган ишканалар менен технологияларды өркүндөтүп-колдонсо болот.

Ошол эле докладда келтирилген маалыматтарга караганда, көмүр менен иштеген орто электр станциясы жылына 12 миллион тонна көмүр жагат, ошондой эле кубаттуулуктагы атом станциясы жылына 4 гана тонна уран пайдаланат. Ошол эле учурда көмүр станциясы атмосферадан жылына 32 миллион тонна кычкылтек пайдаланып, кайра атмосферага кеминде 36 миллион тонна көмүртектин таштанды газдарын жана дагы тогуз миллион тоннадан ашык башка таштанды чыгарат. Атом станциясында болсо таштанды дээрлик жок. Ошондуктан адистер өзөктүк станцияларды экологиялык жактан салыштырмалуу таза деп эсептейт.

Анткен менен андай станцияларды курууга коомчулук каршы. Өлкөнүн "Табийгат" кыймылынын төрагасы Мэлс Элеусизовдун айтымында, атом станциялары 20 жыл иштегенден кийин эскире баштайт жана радиоактивдүүлүк жагынан алардын коопсуздугу начарлайт: "Бизге андай станциялардын кереги жок. Эч кимге кереги жок. Менин балдарымдын ден соолугуна зыян тийгизүүгө, алардын өмүрүн алууга өкмөт башчыларынын эч укугу жок. Кудайдан башка аны эч ким жасай албайт. Андайга биз баргызбайбыз, Чернобыл алааматы баарыбыздын эсибизде, биздин көп адамдарыбыз авариядан кийин ошол жакка барып, жумуш иштеген. Алардын көбү өлүп калды", - дейт Элеусизов.

"Казатомпром" компаниясынын басма сөз катчысы Шыңар Жанибекованын айтымында болсо, азыркы атом станциялары дээрлик коопсуз: "Курулуп жаткан жаңы атом станциялары айлана-чөйрөгө зыян тийгизбейт, алар көмүртек таштандыларын чыгарбайт, ошондуктан күнөскана таасирине да алардын тийешеси жок. Чернобыль станциясы же 1980-жылдарда курулган башка станциялар менен салыштырганда, алар коопсуз. Сейсмикалык жактан дагы алар жакшы. Алардын үстүнө учак кулап түшсө дагы, же ошол сыяктуу башка бир нерсе болсо да, алар коопсуз", - дейт Жанибекова.

Анткен менен дал ошол Чернобыль алааматынан кийин Алмания сыяктуу айрым мамлекеттер өз аймагындагы атом станцияларын келерки 15-20 жылдын ичинде толугу менен жабуу жөнүндө чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG