Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: “КУРМАНБЕК БАКИЕВ ООР УЧУРДА ЭЛДИК КЫЙМЫЛДЫН БАШЫНА ТУРА АЛГАН”


Жакында март ыңкылабына бир жыл болот. Былтыр ушул күндөрү Кыргызстандын ар кайсы аймактарында шайлоонун 1-айлампасынын жыйынтыгына нааразы болушкан шайлоочулар нааразылык билдирип атышкан эле. Ал эми Жалалабадда Элдик кыймылдын мүчөлөрү Акаевдин бийлигин алмаштырууну пландаштырып жатышкан. Ошол күндөрдүн негизги жетекчилеринин бири, Элдик кыймылдын штаб башчысы болуп турган Азимбек Бекназаров ыңкылап кандайча ишке ашырылганы тууралуу “Азаттыкка”айтып берди.

-Демек, 20-мартта Жалалабат менен Ошто облустук администрациялардын имараттарын митингчилерден бошотуу мезгилде милиция кызматкерлери катышкан эмес деп атасыз. Бирок ошол эле күндөрү элди ур-токмокко алды деген айып менен кайра эле ошол жергиликтүү милициялар менен атайын кызматтын кызматкерлери элдин таягын жешпедиби?

-Жергиликтүү милиция кызматкерлери тазалоого катышкан эмес. Муну ошол күнү Оштогу мамлекеттик администрациянын имаратында болуп, Бишкектен алынып барган ОМОНдордун запкысын көргөн Дүйшөн Чотонов менен Анвар Артыковдон сурасаңар да болот. Тазалоого катышкан күч кызматкерлери казак тилинде сүйлөп атышкан деп атышпайбы. Алардын баары баягы “ак кепкачандардын” бир бөлүгү болгон.

-Ошол тазалоо болуп жаткан мезгилде сиз өзүңүз кайда элеңиз? Ал тууралуу кабарды качан угуп, кандай чараларды көрдүңөр эле?

-20-март күнү Таласта курултай болмок. Бирок Чолпонбек Абыкеев экөөбүздү бийлик Өтмөк ашуусунан тосуп, Таласка киргизбей коюшкан. Биз кайра келе жатсак, Курманбек Бакиев дагы башка өкүлдөр менен барып калды. Ага түшүндүрүп айтып, чогуу Бишкекке кайттык. Чүйгө киргенде саат эртең мененки сегиз жарым-тогуз чамасы эле, ошондо уктук. Тез арада чогулдук да, мени кайра Жалалабатка жиберишти. Машина менен кечинде жетип келсем, шаарды кайра эл колуна алып койгон экен. Бийлик эми элге каршы ички иштер аскерлерин апкелген экен, биз ошолор менен сүйлөшүүгө бардык. Алар “биз эл мененбиз, курал колдонбойбуз” деп макулдугун беришти.

Эртеси күнү Ошко бардык. Ошто да абал турукташып калган экен. Роза Отунбаева Ошто болчу, аны алып кайра кайтып келе бердик. 22-март күнү Бишкекке келип, өзүбүзчө сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. 23-мартта Мадумаров, депутат Сатыбалдиевдер “Хаятт” мейманкансында Акаев менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деп атышыптыр. Элдик кыймылдын атынан Акылбек Жапаров экөөбүз бардык. Бирок мен ошондо эле айттым: “Эч кандай сүйлөшүү болбойт, Сүйлөшсөңөр да, сүйлөшпөсөңөр да 24-мартта биз Алатоо аянтына чыгабыз. Эгер бизге кошулабыз десеңер, эртең Назаралиевдин ооруканасынын жанына чогулгула, келгиле” деп. Ошентип айтып коюп эле анан биз кетип калганбыз.

-Айрым бир маалыматтарда 24-март күнү ыңкылап кылуу максаты болгон эмес экен. Бул күтүүсүздөн болуп калган иш экен деп айтылып жүрөт. Аныгында кандай эле? Мына сиз ыңкылапка мурдатан даярданып келгенбиз деп айтып атасыз..?

-Бул бийликти кетиребиз деп, “Акаевге отставка, элге реформа” деген кыймылды 2002-жылы эле түзбөдүк беле.. Раматылык Абсамат Масалиев баштаган канча саясатчылар, канча партиялар жүрдүк. Мындай максат, план болгон. Бирок так ошол 24-март күнү Акаев качып кетерин биз билген эмеспиз. Аскар Акаев—мамлекет башчысы өлкөнү таштап, качып кетерин эч ким күткөн эмес.

Биздин план боюнча: 24-мартта Бишкекте да аянтка боз үй тигип, митинг өткөрүп, андан кийин Аскар Акаевге “мына үч облус сага баш ийбей калды, элдик бийлик орноп калды. Андан көрө каалаган кишиңе бийликти өткөрүп бер” деп маселе коймокпуз.

-Мына сиз айткандай, бийликти алууга аракет 2002-жылы эле башталган. Бирок кийинчерээк дал ошол “Акаевге отставка, элге-реформа” кыймылынан айрым бир мүчөлөр чыгып кетип, ыңкылаптын алдында деле сиздер менен бир максатта болбой келишпедиби. Мисалы, былтыр 14-мартта Өзгөндө 10 миңден ашуун киши Адахан Мадумаровдун депутаттыгын талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүп жатышкан. Эртеси күну Жалалабадда элдик бийликтин жана ыңкылапчы күчтөрдүн алгачкы курултайы болмок. 14-март күнү кечинде Роза Отунбаева келип, Мадумаровдон курултайга баруусун өтүнгөн эле. Бирок ал азырынча шайлоону бир жаңсыл кылып алуу тууралуу айтып, баруудан баш тарткан. Андан кийин кандай болду?

-Адахан Мадумаров ыңкылапка катышкан эмес. Революционермин деп ал өзү деле айтпайт. “Ата Журт” кыймылынан бир Роза Отунбаевадан башкасы элдик кыймылга кошулган эмес, бул тарыхый факт. Андан тышкары Дүйшөн Чотонов, Анвар Артыков ыңкылапты ишке ашырууга катышты.

25-февралда Дүйшөн Чотоновду Ошто каласың деп калтырып келген элек. Кийин бийлик Ошто өзбек-кыргыз оюнун уюштурган атканда мен шашылыш Анвар Артыковду Ошко баруусун өтүндүм. Анткени ошол убакта мен штабдын жетекчиси элем. Ал киши азамат экен, дароо ошол күнү учуп кетти. Барып ал жерде өзбектер менен кыргыздарды ынтымакка келтирип, “Акаев кетсин” деп чыгышкан. Анвар Артыковдун ролу мына ушунда. Анын күчү менен бийликтин өзбек-кыргыз оюну тууралуу планы жокко чыгарылган. Ушул эмгегин эске алып, кийин биз аны курултайда Ошко жетекчи кылып шайлаганбыз. Кийин аларга дагы кошумча күч кылып, Роза Отунбаеваны, Үсөн Сыдыковду жиберип, 17-мартта Оштун мамлекеттик администрациясын ээледик. Бирок Адахан Мадумаров 24-мартта биз менен кошо Назаралиевдин борборуна барып, биз менен кошо аянтка чейин басып келген. Андан башка Алымбай Султанов да ошол күнү биз менен жүргөн.

Көпчүлүк саясатчылар өзүнүн гана жеке кызыкчылыгын ойлоп, шайлоону жакшы өткөрүүгө аракет кылып жатышкан. Кийинчерээк алар бизге кошулушкан.


-Дагы бир саясатчы тууралуу кеп козгой кетсек. ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев Жалалабат менен Ошто элдик бийлик орноп калгандан кийин деле, 18-март күнү “Биз башка жол менен алабыз бийликти. Акаевге мөөнөтүнүн аягына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк берип, мыйзамдуу жол менен бийликке жетишебиз” деп билдирген эле...


-Өмүрбек Текебаевдин жолу башка болгону менен максаты биздикиндей эле болчу да. Ал дагы Акаев менен күрөшүп жүргөн. Өмүрбек Текебаев жетектеген “Ата мекен” партиясы Элдик конгресстин курамында болчу. Текебаев эле эмес, Кулов дагы Акаевди мөөнөтүнүн акырына чейин иштетип, андан кийин гана бийликти алабыз деп, бир нече жолу маалымат каражаттары аркылуу билдирүү жасаган. Биз болсо “Жок, мөөнөтүнөн эрте кетиши керек” деп турдук. Биздин эки ача көз карашыбыз мына ушунда эле. Ошондуктан, ал өзүнүн көз карашын улантып жаткан эле. Ал эми Курманбек Бакиев менен анын жеке пикир келишпестиги бири президент, бири ЖК спикери болуп калгандан кийин дагы ачыкка чыгып кетип, жыйынтыгы бүгүнкү төраганы шайлоо болуп отурат.


-Кезек президент Курманбек Бакиев тууралуу сөзгө да келип жетти окшойт. Ыңкылапты башынан аяк уюштуруп, катышып жүргөн кишилер бир топ экенсиңер. Бирок силердин араңардан суурулуп, Курманбек Бакиевдин президент болуп калуусуна эмне себеп болду?

-Өзүңөр билгендей, бизди радикал оппозиционер, экстремисттер, эл бузарлар деп эле бийлик шыбап атпадыбы. Ошондуктан 2002-жылдан тартып, биз Акаевдин айланасында жүргөн кишилерден өзүбузгө тартууга аракет кыла баштадык. Кулов түрмөдө жатканда эки-үч жолу бардык: “бизге башчы болуп берчи” деп өтүнүп. Өмүрбекке канча жолу айттык. Көнбөй коюшту, бизге кошулбай качып жүрүштү. А түгүл ошол убакта биздеги айрым мүчөлөр да чыга башташты. Ишенбай Кадырбеков кеткен, Адахан Мадумаров алыстай баштаган. Себеби алар бизге кошулуп, залакасын көргөндөн кийин көптөр алыстай башташкан. Биз дагы аракет кыла баштадык, бизге ким кошулса да, ким келсе да элдик кыймылга төрага кылып коелу деп аракет кылдык. Мына ошондой убакта Курманбек Бакиев бизге келе алды, элдик кыймылга жетекчи болуп, башыбызга тура алды. Ырас, ыңкылапты элдик кыймыл ишке ашырып аткан соң, анын төрагасын биз бийликке коюшубуз керек да.


(2-бөлүктүн аягы. Уландысы бар)
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG