Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Индия менен Кошмо Штаттары атомдук энергия тармагында кызматташышат


Делидеги пресс-конференцияда президент Буш келишимди тарыхый деп атады.
Макулдашууга ылайык, АКШ Индиянын атомдук энергия тармагын технология жана жабдыктар менен камсыздап турмакчы. Индия болсо тынчтык жана аскерий максаттардагы программаларын таасын ажыратып, долбоорун эларалык көзөмөлгө коет. Аталган келишим себеби Индия Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине кошулган эмес жана ядролук арсеналга ээ. Визит маалында президент Буш Индиянын дүйнөдөгү стратегиялык жана экономикалык маанисин баса белгиледи:

Индия менен Америка орток баалуулуктарга негизделген стратегиялык шериктештик курушту. Биздин демократиялык өлкөлөрүбүз диний плюрализм, мыйзамдын үстөмдүгүн урматтайт. Эки өлкө тең сооданы, ишкердикти алдыга жылдыруу аркылуу экономиканы өнүктүрүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG