Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТҮРКСТАНДАГЫ БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫН ОРНОТУШУ


XIX к. экинчи жарымында Россия империясы Түркстан аймагын толук басып алууга жетишкен. Колониалдык бийлик жергиликтүү элдерди ийкемдүү башкарыш үчүн мында административдик бийлик системасын киргизишкен.

Россия империясынын колониалдык саясаты өлкөнүн чыгыш жана түштүк багытында жүргүзүлгөн. Анын бирден-бир себеби да, Росия мамлекетинин Батыш Европалык колониалдык өлкөлөргө салыштырмалуу экономикалык чабалдыгы жана Россия үчүн Чыгыш Европа менен Балкан багытындагы саясаттын келечексиздигине байланыштуу болгон. Экинчи тараптан, империянын чыгышында жашаган калктардын коомдук-саясий өнүгүүдөн артта калышы Россия үчүн аларды басып алууга ыңгайлуу жагдай жараткан.

Россиянын көздөгөн максаты XIX к. экинчи жарымында жүзөгө ашырылып, көп өтпөстөн колониалдык бийлик административдик башкаруу системасын курууга киришкен. Колониалдык басып алуунун алгачкы жылдарында империалык бийлик жергиликтүү калктын салттуу башкаруу системасына кийлигишкен эмес. 1865-ж. барып Түркстан областынын Башкаруу жобосу иштелип чыгып, анда колониалдык бийлик менен жергиликтүү башкаруу кызматтарынын функциялары белгиленген. Жаңы жобого ылайык, Түркстан областынын башында аскер губернатору турган. Ал эми жергиликтүү көчмөндөрдүн уруу башчылары, бий, манаптар жана отурукташкан калктын - аксакал, рамс, базар башчы, казылары мурдагы бийлик абалын сактап калышкан.

1867-ж. область Түркстан генерал-губернатордугуна өзгөртүлүп, Жетисуу менен Сырдарья областарынын башкаруу жобосу кайра иштелип чыккан. Жобого ылайык чөлкөм калкы шарттуу этникалык өзгөчөлүккө жараша – сарттар жана кыргыздар деп, биринчиси отурукташкан, экинчисинин көчмөн абалынан улам экиге бөлүнгөн.

Көчмөн калк өз кезинде уездге бөлүнүп, уезд-волостко, волость болсо айылдардан куралган. Волосту волосттук башкаруучу жетектеп, айылдарды болсо айыл башчысы башкарган. Алар өз кезинде волосттук жана айылдык курултайларда 3 жылдык мөөнөткө шайланышкан. Кыргыз жергесинде волосттук управитель - болуш, айыл старшинасы – айыл ыстарчыны болуп өзгөргөн. Болуштар болсо, орус администрациясынын өкүлү уезддик начальнике баш ийишкен жана алар жергиликтүү деңгээлдеги полициялык милдет менен бөлүштүрүү функцияларын аткарган.

1867-жылдан тарта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн – ардактуу гражданин наамы, медалдар, азем чепкен жана акчалай сыйлоо шааниси киргизилген. Тарыхый хроникалар ырастагандай мындай сыйлоо шааниси Түркстанда үзүрлүү жемишин берген. Ак падышанын колунан сыйлык алуу далбас урган төбөлдөр тууган, уругу эле эмес, эл-жерин сатуудан кайра тартышпаган экен.

Айрым орус саясатчылары жергиликтүү калктар үчүн башкаруу системасын орнотууда көчмөн элдердин бийлик түзүлүшүн үлгү катары кабыл алууну сунуш кылышкан. Жаңы бийлик да көчмөндөрү административдик казматка активдүү тартышып, алар үчүн орто жана кесиптик билим алууга шарт түзүп берген. Падышалык бийликтин пикирине ылайык, көчмөн калктар исламдык фундаментализмге берилбеген, өзгөрүүнүн салт-санаасын ыйык туткан жана тышкы таасирге бекем деп белгиленген.
XS
SM
MD
LG