Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Кадамжай сурма комбинатынан чыккан уулуу заттардын таштандылары Кадамжай шаарчасына коркунуч туудурууда


БАТКЕН. Бул тууралуу 4-мартта премьер-министр Феликс Кулов баштаган топтун комбинаттын жамааты менен жолугушуусу учурунда айтылды. Курамында мышьяк, селен, коргошун жана бир катар уулуу туз калдыктары бар суюк таштандылар союз мезгилинен бери топтолуп олтуруп, бүгүнкү күндө он гектарга жакын жер жараксыз кыртыш менен капталган. 2005-жылы ээликке келген “АТФ Инвесть” компаниясы жаңы герман технологиясы менен таштанды суюктуктарды толтуруучу эки картаны куруп, колдонууга беришкен. Бул технология пленка төшөлгөн казан сыяктууу болуп, экологиялык зыян келтирбейт. Бул тууралуу Кадамжай cурма комбинатынын генералдык директору Александр Валитов маалымдады. Анын айтымында, мурдатан топтолгон калдыктарды нейтралдаштыруу үчүн кеминде 1,5 миллион АКШ доллары керек. Ошондой эле комбинатты иштетип жаткан жаңы кожоюн маселенин орчундуу экенин сатып алгандан кийин гана билгенин кошумчалады. Учурда уулуу заттардын калдыктары жаан-чачын суулардын негизинде капчыгай аркылуу агып олтуруп, Кадамжай шаарчасына 2-3 чакырым аралык калган.



АбА ЫРАЙЫ

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 6-мартта республиканын көпчүлүк облустарында жаан-чачын болот. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт. Ал эми Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +7...+12 градус.
Чүйдө түнкүсүн +2...+7, күндүз +6...+11 градус болот.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +9...+14 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз +1...+6.
Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2 градус болот.
Борборубуз Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Жамгыр себелеши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +8...+10 градус.

Шайырбек Эркин уулу
Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG