Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

РОЗА ОТУНБАЕВА : КЫРГЫЗСТАНДА БИЙЛИК ПАРАЛИЧ БОЛУП КАЛДЫ


8-мартта «Асаба» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева «Азаттык» радиосу менен мамлекеттик телерадиокомпаниянын биргелешкен долбоору «Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнө чыгып сүйлөдү. Ал Кыргызстандагы бир жылдан берки саясий кырдаалга токтолуп, урунттуу окуяларга баасын берди.

- Сиз жакында Асаба партиясына мүчө болуп кирип, ошол жерде теңтөрайымы катары шайландыңыз. Бул Асаба партиясын стереотип ойлор бар улутчулдардын партиясы деген. Ушул партияга өтүшүңүздүн сыры эмнеде болду. Дегеле партиялардын келечеги бар деген ойдосузбу?

- Мен эки айдан бери Асаба партиясына келип, мүчөсү болуп, Ордо кеңеш аркалуу теңтөрайымы болуп бекилдим. Келечекте мартта Асаба партиянын курултайы болот. Ошентип иш жүргүзүп атабыз. Биз өзүбүз кыргыз эли ичибизде көп проблемаларды чечип алышыбыз керек, түштүккө, түндүккө бөлгөн кыргыздар. Мына, Бишкекти карап көрсөң, бизде маалыматтык айлампа экиге бөлүнөт. Орусча сүйлөгөн кыргыздар кыргыз гезитинде эмне жазылып атканын, жалпы кыргыз эли Бишкектеги орусча сүйлөгөндөр эмне жөнүндө айтып атканын билишпейт. Демек ушулардын баарын биздин партияда билимдүү улут түзсөк деген, Асаба ушунун маанисинде, негизинде туруп атат. Ошондо гана биз өзөк улут болуп чыгабыз. Ошондо гана башка улуттар Кыргызстанда комфорттуу түрдө жашайт деп ишенебиз. Мен ошонун негизинде бул партияга келип, ушуга терең ишенип атам. Кыргыздар өзүбүздү өзгөртүп, модернизацияга чыгарганда гана Кыргызстанды алдыга алып кетебиз.

- Сиздердин оппоненттер айтып жатат, ушул партия кызматка жетпей калгандардын кандайдыр бир уюму болуп калбайбы деген чочулоолор бар. Сиз ушундай суроолорго кандай жооп берер элеңиз?

Ушул күнгө чейин экөөбүз эле, Азимбек менен мен келиптирбиз. Азимбек кудайга шүгүр депутат, ал деген кыргыз үчүн кызмат го. Мен болсо өмүр бою кызматта жүргөн адаммын. Кызматты башкаларга тапшырып бердим дегендей. Азыр биз Кыргызстанда партияларды бутуна тургузушубуз керек. Акаевдин заманы 15 жылдан бери партияларды оюнчуктай эле көрүшчү, бар, жок, өйдө-төмөн кылып. Кыргызстанда азыр 70 партия бар. 70 партиянын сапаты төмөн болуп атат. Анткени биздин партиялар жөнүндө закон 1999-жылкы закон. Анын негизинде 10 адам чогулса эле саясий уюмду түзсө болот экен. Классикалык түшүнүктө партия деген бийликке умтулат, партия кадрларды даярдайт, партиянын өкүлдөрү болсо парламентте, өкмөттө болот. Ал эми 10 адамдык партиялар ушундай жүктү көтөрө алабы? Жок.

- Сиздердин партия азыркы бийликке кандай көз карашта, оппозициядасыздарбы, оппозицияда эмессиздерби, оппозицияда болсоңуздар кандайдыр бир радикалдуу кадамдарга барасыздарбы?

- Мен ойлойм, эч кимибиз оппозиция деген сөздөн коркпошубуз керек. Азыр 24-марттан кийин деле биз көрүп атабыз, оппозиция десе бокочодой көрүшөт. Бүгүнкү бийлик эч качан стабилдүү алып кете албайт алдында оппозиция болбосо. Оппозиция легалдуу, прогноздуу болсун. Үчүнчү күч бар, Хизб-ут тахрирлер кандай болот экен, булардын күчү кандай экен, акаевчилдер бар деп, бийлик отурат эмне кыларын билбей. Бийликтин бет маңдайында оппозиция турса легалдуу, өзүнүн жүзүн көрсөткөн, программасын айткан, эл легалдуу иштесе, ошондо гана коомдо стабилдүүлүк болот. Мына, Британиянын парламентин карап көрсөң, бул жерде азыркы лейбористтер отурат, бет маңдайында консерваторлор отурат. Мисалы, Түркияда Демирелдин партиясы, ТургутОзалдын партиясы, азыр көрдүк 7 пайыздан өйдө чыкса 4 жарым миллион доллар бюджеттен каралат экен бул партия үчүн. Биз азыр жасап аткан ишибиз абдан маанилүү, тарыхый иш. Азыр деле эл коркот, макул Бакиев турат, беш жылдан кийин дагы бирөө келиш керек да. Кайра баш-аягын таба албагандар келбесин, оппозиция азыр иреттүү түрдө бутуна туруп, күч алып, жакшы кадрларды топтосо эл да тынчыйт, ошондо стабилдүүлүк болот.

- Грузия, Украина, Кыргызстанды эл аралык деңгээлде бир катар коюп келишти эле, Украинада жакында шайлоо өткөн атат, ал жерде парламенттик шайлоодо партияларга басым жасалып атат. Кыргызстанда кандай иш чаралар жүргүзүлүш керек ушул жаатында?

- Украинада 26-мартта парламенттик шайлоо болот, ага бир топ партиялар катышат. Жеңген партиядан өкмөт түзүлөт. Биз деле ошол схемага келели деп, эмки беш жылдыкка баарыбыз ошого даярданып атабыз. Парламенттик республика болбогон күнү да биз партиялык тизмеге өтө алабыз. Ошондуктан партиялардын ролу абдан зор болот келечекте.

- Сиз жакында Жалалабат аймагын кыдырып келдиңиз. Эл арасында 24-март жакындаган сайын айтылып атат экинчи ыңкылап болот экен деп. Ошол ыңкылапты балким Роза Отунбаева менен Азимбек Бекназаров жасашы мүмкүн экен дегендей сөздөр жүрүп атат. Чындыгында эле экинчи ыңкылап болобу, сиздер даярданып атасыздарбы ошондой нерсеге?

- Биринчиден, Азаттык чакырып ушундай ыңгайсыз суроолорду бизге берип атканыңарга ырахмат. Мен Кыргызстандын төрт бурчунда жашаган элге айтат элем, оппозицияга мисалы КТРде жол жок. Ошон үчүн силердин каналыңарды колдонуп, пайдаланып элге кайрылып атканым. Биздин Асаба партия эч кандай ыңкылапты даярдап жаткан жок. Керек болсо мен эл аралык конференцияларга кетип атам. Андан тышкары мен Украинанын шайлоосуна да кетип калышым мүмкүн. Демек, бизде мен тараптан, ошондой эле Азимбек Бекназаров тарабынан эч кандай даярдык жасалып аткан жок. Бирок эл абдан нааразы, азык-түлүктүн баасы абдан көтөрүлдү, кант 35 сомго чейин чыгып атат. Ушунун баарын эл кейип айтып атканын биз деле угуп атабыз. Азимбек бир ай мурун кат жазды эле. Биздин ортобузда мындай-мындай келишимдер бар болчу, ошонун баары аткарылган жок. Дале февраль, март айлары бар. Элге сезилген, элге даана болгон кадамдарды жасасаңыз, өзгөчө кадр саясаты, коррупция маселеси боюнча деп. Ушулар боюнча эл сезсе, билсе баарыбыз оппозиция катары деле эс алып калат элек. Азыр биз сөзсүз оппозициядабыз. Бирок биз оппозицияда болгонубуз менен, биз учурда Бакиевдин бийлигин катуу критикага алып аткан жокпуз. Анткени биз дале 24нө чейин үзөнгүлөштөрбүз, бул кишини бирге алып келип такка отургузган бизбиз. Биз күнөөбүздү сезип атабыз. Азыркы бийлик колунан эч нерсе келбей атат. Ошол жерде дале 40-60 пайыздай биздин үзөнгүлөштөр отурат министр болуп. Ошолордун колунан көп нерсе келбей атат, көрүп атабыз. Ошондуктан биз 24нө чейин убакыт бердик эле. Эч нерсе жасай албаса биз ачыка чыгып элге айтабыз, кечиргиле, биз мындай фактыларга дуушар болуп калыптырбыз. Азыркы бийлик болсо элдин кызыкчылыгын чагылдырбайт экен. Демек, биз оппозицияга чыгып атабыз, биз оппозицияда иштейбиз деп так айтабыз.

- 24-мартта 2005-жылы эмне окуя болду деген суроого дале баш катырып келатышат. Бирөөлөр айтат ынкылап болгон деп, бирөөлөр айтат төңкөрүш болгон деп. Сиздин жеке көз карашыңызда бул эмне болду?

- Менин жеке, же жеке эмес көз карашым мындай болуп атат. Азыр дүйнө жүзү боюнча биздин 24-мартта болгон түлпан революциясы боюнча абдан көп анализдер жүрүп атат, көп китептер жазылды. Америкада, Улуу Британияда, Германияда, Россияда эл аралык конференциялар өтүп атат. Биздин көп адамдар ошол жака чакырылып атат, анализ болуп атат. Мен ойлойм, Кыргызстанда да сөзсүз конференциялар өтөт. Ошол жерде да өзүбүз аныктайбыз, болгонбу революция, болгон эмеспи деп. Мисалы, Россияда китептер бул төңкөрүш деп чыгарылып атат, алар ошондой аныктама берип атышат.

- ПРООНдун да келечекке тоскоолдуксуз деген докладында да айтылыптыр төңкөрүш деп?

- Мындай аныктамага деле кошулса болот. Анткени эл айтып атат, эл оозунда элек жок дегендей, биз деле ошого кошулуп калабыз. А деген тамга Б деген тамга менен алмашып, андан башка эмне өзгөрүүлөр болот, өзгөрүү жок. Айтып атабыз сөздүн боштондугу дегендей. Мына айтып атпаймбы, Азаттыктан башка жол болбой калды. Пирамида дале баягы уруш-талашта келатат. Башка өзгөрүүлөр жок. Жамандыктар абдан көп, мына коррупциядан арылбай атабыз. Энергетика тармагында деле ошол эле бойдон. Акаевдин заманындагыдай эле, 24дөгү окуяларга туптуура тиешеси бар. Акүй, көкүй, кайсы үйдө болбосун туп-туура жоокерлери азыр деле болуп атат.

- Жаңы бийликтин келгенине бир жылга жакын убакыт болуп калды. Бир жылдын аралыгында Кыргызстанга бир дагы чет мамлекеттен бир дагы президент, же премьер министр ырасмий сапар, визит менен келеген жок. Мунун сыры эмнеде болуп атат, жаңы бийликтин кадыр-баркын көргөзөбү, же тышкы иштер министрлигинин ишин көргөзөбү?

- Менин оюмча, кеп тышкы иштер министрлигинде деле эмес го. Азыр абдан кыйын кырдаалда жашап атабыз. Мен ойлоп калам бул да биздин бийликтин параличи да болуп атат. Үч бурч экен, кудай бизге бууп коюптур. Акүй менен парламенттин ортосунда мындай катнаш болуп атат. Акүй менен өкмөттүн ортосунда тандемдин ордуна мандем болуп, Текебаев менен Куловдун ортосу азыр белгисиз, ким билет кандай болор экен. Демек ушундай болуп атса, эл аралык байкоочулардын баары карап отурат, эмне болуп атат Kыргызстанда деп. Мына Оксус майнинг деген Таластын Жерүй алтын кени Улуу Британиянын компаниясы, алар иштерин кечээ токтотушту. Анткени бизде чындап эле бийликтин параличи болуп атат. Президенттин оюнда башка компания келсин дейт, премьер жок дей албайт ага, парламенттин оюн жакшы билбейт экемин. Анан булар эмне кылыш керек, канча миллиондогон инвестициясын киргизип койду, эми азыр билбей атат эмне кылыш керек, кандай дейт. Канча жүздөгөн таластык эл жумушсуз калды. Мен ойлойм, азыркы өкмөт, азыркы иштеп аткан министрлер болсун, азыркы бийликтегилер элдин орчундуу эң көйгөй маселелерин карап чечип берсе. Өзгөрүүлөр болот экен. Мисалы Саакашвили ГАИнин баарын жоюп салды. Ар бир машине токтобойт, ар бир машинеден пул албайт. Жойсо, иштесе, чечсе болот экен, ошонун баары жасалбай атат бизде.

- Бүгүн 8-март, сиздин майрамыңыз менен куттуктайм. Бүгүн интервьюбузду жакшы маанайда бүтүрсөк. Биздин айымдарга айта турган сөзүңүз барбы, балким эркектерге айта турган сөзүңүз бардыр?

- Мен азыр Баткен облусун башынан аягына чейин кыдырып келдим. Алайга, Каракулжага бардым. Аял кишилер абдан оор замандан өтүп келатат, баягы эле чоң жүктү артына көтөрүп келатат. Аялдар бекем туралы, эркектерге ишеним болбой калды. Биз катуу туруп, кайсы заманда болбосун, кыргызды жоготуп албайлы. Тилин, дилин жоготпойлу кыргыздын, биз бекем белибизди байлап туралы. Өткөн замандан өзүбүз тиштенип, бекем туруп өтүп кетпесек балдарыбызды деле көрүп атабыз. Өзгөчө саясаттагы эркектер, парламент саясаттын күзгүсү бүгүнкү. Азыр үмүт аз болуп калды, эл чыдап атат, ошонун ичинде аялдар, көбүнчө азыр деле газ жок, тамак-аш абдан кымбат дегендин баары аялдын башында. Демек биз аялдар бой бербей, аң сезимибизге келип, өлкө, эл жөнүндө ойлоп, өткөн заманды тыңшап, билип, сезип, керек болсо баарыбыз тике туруп беребиз өлкө, элибиз үчүн деген сөздү айтып коет элем. Рахмат.

XS
SM
MD
LG