Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:44

АШЫК САЛМАКТУУ БАЛДАР - АЗЫРКЫ ЗАМАНДЫН КӨЙГӨЙҮ


Жыл өткөн сайын дүйнөнүн ар башка өлкөлөрү ашык салмактуу балдар көйгөйүнө туш болууда. Ушул аптада жарык көргөн балдар саламаттыгына арналган эл аралык журналда жылдан жылга көбөйүп бараткан семиз балдар кант диабети жана жүрөк ооруларынан жабыр тарта баштаганы тынчсыздануу менен белгиленет.

Ашык салмактуу, же семиз балдар көйгөйү улам барган сайын олуттуу медициналык маселеге айланып баратат. Айрым өлкөлөр туура тамактануу эрежелери жана дене-бойду чыңаган спорт көнүгүүлөрүнө көп кызыкпаган жаш муун ата-энелерине караганда азыраак жашап, келечекте медициналык камсыздоо системасына оор жүк келтирет деп коңгуроо кага баштады.

Профессор Филипп Жеймс жаш балдардын саламаттыгына арналган жаңы изилдөөгө катышкан адистердин бири.

- Бул чынында эле өтө олуттуу маселе. Атүгүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул көрүнүштү коомчулук аңдап-биле элек эң чоң дүйнөлүк көйгөй деп атады. Буга чейин адамзат тарыхында балдар семирип кетип, өспүрүм чагында кант диабетинен жабыр тарткан учурлар болуп көргөн эмес. Мурунку замандарда кант диабети менен 60 жаштын тегерегиндеги кишилер гана ооруган.

Профессор Жеймстин айтымында, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө азыр баралына жете элек балдардын төрттөн бири ашык салмактуу. Догдурлардын изилдөөлөрү алдыдагы беш жыл ичинде Европада семиз балдардын саны жалпы жеткинчектердин 40%ын түзүшү мүмкүн экенин көргөзүүдө. Түндүк жана Түштүк Америкада 2010-жылы жаш балдардын жарымы “ашык салмактуулук” деген жаңы дартка чалдыгаары болжолдонууда.

Өнүккөн өлкөлөрдө балдардын чоңойо элек жатып ашыкча семирип кетишине тез тамактандыруучу жайлардагы тамак-ашта май, сода, шекердин көп колдонулушу башкы себептердин бири катары аталып жүрөт. Ага кошумча спортко убакыт таппай, же көңүл бурулбай калса, сиздин балаңыз “ашык салмактуулар” муунуна акырындап кошулду деп эсептей бериңиз. Бирок, профессор Жеймс бул оору бай өлкөлөрдүн үлүшү дегендер жаңылышат, семиздик – жакырлыктын оорусу катары эбак эле таанылган деп белгилейт.

- Анткени биз акыркы 30-40 жылда туура эмес тамактанып, арзан май өндүрүүгө адистешип, малдын майын, шекерди көп колдонуп, тамактын даамын оңой жол менен оңдоого өтүп алганбыз. Бирок булардын коркунучу аз жана мындай тамакты абдан көп жегенде гана семирип кетишиңиз мүмкүн. Ал эми мурдагы Советтер Союзу, Борбордук жана Чыгыш Европада ондогон жылдар бою туура эмес уюшулган тирукмуш диета системасы колдонулган.

Эл аралык медициналык журналдагы макалада Батышта балдар кока-кола, пепси, лимонад өңдүү шекер жана карбонат кошулган суусундуктарды көп ичээри маалымдалат. Адистердин айтымында, күнүнө 350 грамм ошондой суусундук ичкен бала жылына кеминде 6 жарым кг салмак кошо алат. Ашык салмак жаш балдар арасында буга чейин жалаң улгайган курактагы кишилер ооруган дарттардын жайылышына алып келүүдө. Профессор Жеймс айткандай, ушу тапта балдардын семиздиги – Африкада балдардын өмүрүн аеосуз жалмап жаткан ачкачылыктан да олуттуу көйгөйгө айланды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG