Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Европа парламентинин чакан делегациясы эмки жекшемби, 19-мартта Беларуста өтө турган президенттик шайлоого байкоочу болуу аракетин баштады. Азырынча 17-мартта Минскке барууну пландаштырып жаткан Европалык депутаттарга беларус бийликтери уруксат берээр-бербеси белгисиз.

Европарламенттин тышкы иштер комитетинин төрагасы, Минскке бара турган делегация башчысы Элмар Брок: “Беларуста бийликтегилердин оппозицияга каршы соңку аракеттери президенттик шайлоо калыс өтөөрүнөн дээрлик үмүт калтырбады, ошентсе да ага катыша турган демократиялык күчтөр биздин колдообузга муктаж”, - деп белгиледи.

Азырынча Европалык депутаттардын Беларустагы президенттик шайлоо алдында өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилээр-берилбеси да күмөн. Президент Лукашенконун өкмөтү буга чейин Европарламенттин мүчөлөрүн өлкөгө киргизбей койгон учурлары болгон, Страсбургдук мыйзамгерлер Минск тарабынан эч кандай чакыруу кагазы, же шайлоого көз салууга уруксат бере турган документи жок эле аттанганы турат. 8-март күнү Европарламенттин делегация башчысы Элмар Брок Беларус бийликтери шайлоону эл аралык талаптарга шайкеш өткөрүү ишин азыр да баштаса кеч эмес деп эскертти.

- Биринчиден, оппозициячылардын шайлоо кампаниясы президент Лукашенконун өнөктүгү гезит, телерадиодо кандай чагылдырылса, андан кем эмес деңгээлде кабарланышы керек. Бардык маалымат каражаттарында талапкерлер үчүн бирдей укуктар берилиши зарыл. Экинчиден, жергиликтүү гана эмес, эл аралык байкоочулар тарабынан да президенттик шайлоо адилет өткөнү ырасталышы абзел.

Европарламенттин комитет төрагасы Брок Беларуста шайлоо алдындагы окуялардын баары бийликтегилердин пайдасына бир тараптуу өнүгүп отурганына карабастан, добуш берүүнүн жүрүшү баарынан маанилүү экенине көңүл бурду. Ал ошондой эле Орусиянын президенти Путинди Беларустагы таасиринен пайдаланып, ал жердеги шайлоо өнөктүгүн демократиялык багытка бурууга үндөй кетти.

8-март күнү Европарламенттин Минскке барууга камданып жаткан делегациясы билдирүү таратып, Беларустагы шайлоо кампаниясынын жүрүшүн айыптады. Анда айтылгандай, соңку апталарда ырасмий Минск бир нече оппозициячыны камакка алып, айрым жерлерде алардын шайлоо баракчалары жана башка адабияттары тартылып алынган.

Жакында Брюсселге барган Беларус саясатчысы, бирдиктүү опозиция көрсөткөн президенттикке талапкер Александр Милинкевич эл аралык кысым бийликтегилердин шайлоодон кийин өтө турган демонстрацияларга каршы күч колдонушуна бөгөт коймок деп билдирген. Европарламент тараткан билдирүүдө белгилүү эл аралык саясатчылар Беларустагы президенттик шайлоого байкоочулук кылышы керектиги айтылган. Страсбургдук делегациянын байкоочулар тобунун башчысы Богдан Клич ырасмий Минск нааразылык акцияларын күчкө салып таратууну жолго коюп алган деген пикирде.

- Беларустагы шайлоодон кийин бийликтегилер күч колдоноору азыртадан белгилүү десек болот. Бир жагынан ал жерде демократиялык күчтөрдү колдогон коомчулуктун катары кеңейди, экинчиден президент Лукашенко катуу чочулап турганын байкоого болот.

Европарламент өкүлдөрү шайлоодон кийин Евробиримдикке мүчө 25 өлкө Беларуска каршы чечкиндүү аракеттер көрүшү керек деп кайталоодо. Ага кошумча Еврокомиссия куугунтукчул өкмөттөр башкарган өлкөлөрдөгү укук коргоочулар менен демократиячыл күчтөргө көбүрөөк каражат бөлүү маселесин да караштырууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG