Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

ФОРБС ЖУРНАЛЫ МИЛЛИАРДЕРЛЕРДИН ТИЗМЕСИН ЖАРЫЯЛАДЫ


Нью-Йоркто жарыкка чыгуучу финансылык журнал жылыга дүйнөдөгү эң бай адамдардын ысымдарын жарыялап турат. Бул тизмеге кириш үчүн талапкердин аз эле дегенде ырасталган 1 миллиард доллары болуш керек. Тизмеде быйыл Казакстандан эки киши бар.

Байлар байып, кедейлер кедейлене берет деген чын белем. Бүт дүйнөдө маалымат каражаттары калктын басымдуу бөлүгү жардыланып баратат деп коңгуроо кагып жаткан тушта, дүйнөдөгү эң бай адамдар 2006-жылы байлыгын өткөн жылдагыдан 18 пайызга көбөйтүүгө жетишишкен. Форбс журналына ылайык, эң көп сандагы байлар жашаган шаар - Нью-Йорк, мында 40 киши, Маскөөдө 25, Лондондо 23 миллиардер жашайт. Жалпысынан дүйнөдө азыр 793 миллиардер бар, бул былтыркыдан 102 кишиге көп.

Европадагы 196 миллиардердин байлыгы чогуусу менен 802 миллиард долларды түзөт. Бул өткөн жылдагыдан 128 миллиардга көптүк кылат. Европалык чириген байлардын катары биринчи кезекте орустардын эсебинен көбөйгөн. Бул өлкөдө миллиардерлердин саны былтыр 27 болсо, азыр 33кө жеткен. Алардын колунда бардыгы болуп 172 миллиард бар. Буга салыштырмалуу Сауд Арабиялык 11 миллиардер 68 миллиард долларга ээлик кылат. Форбстун тизмесинде үч украин да бар. Быйыл тизмеге биринчи жолу чех атуулу кирди.

Орусияда мурда көмүскө соода аркылуу, же мунай-газ менен соодадан байыгандар көп болсо, кийинки убакта жагдай өзгөрүп жатат.

Луиса Кролл Форбстун редакторлорунун бири. Анын айтымында, быйылкы тизмеде Рустам Тарико деген бар. 44 жаштагы бул ишкер 1 миллиард 900 миллион долларын негизинен Империя арагы жана карыз берүү аркылуу топтогон.Орусиянын эң бай адамы, 18 миллиарддын ээси Роман Абрамович Лондондо жашайт жана британиялык Челсия футбол командасына ээлик кылат. Казакстанда быйыл эки миллиардер пайда болду. 52 жаштагы Алижан Ибрагимов кен казуу жана метал иштетүү тармагында алектенип, 2 миллиард доллары бар. Ал эми 45 жаштагы Владимир Ким кен иштетүүдөн 2,7 миллиард доллар тапкан.

Кытайда миллиардерлердин саны экиден сегизге өскөн, бирок иш жүзүндө мындайлардын саны көп болуш керек деп болжолдошот. Дүйнөдөгү эң көп сандагы миллиардерлер Кошмо Штаттарында жашайт. Мында 371 киши 1 триллион 100 миллиард долларга ээ. Алардын ичинен Майкрософт компаниясынын негиздөөчүсү жана төрагасы Билл Гейтс 50 миллиард доллар менен 12 жылдан бери дүйнөдөгү эң бай адам наамын эч кимге бербей келатат. 500 миллиардердин 78и айымдар, былтыр алар 68 гана болчу. Бирок булардын алтоо гана байлыгын өз аракети менен тапкан, калгандары мураска алган. Эң жаш миллиардер 22 жаштагы Хинд Харири. Харири – Ливандын былтыр февралда өлтүрүлүп кеткен өкмөт башчысы Рафик Хариринин кызы. Хариринин үй-бүлөсүнө 17 миллиард доллар тийешелүү жана акция базарындагы ийкемдүү операциялар аркылуу алар акыркы бир жылда байлыгын төрт эселенте алышкан.

XS
SM
MD
LG