Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР ОКУП БИЛИМ АЛГАНБЫ?


Чыгыш авторлору жана кыргыздар өздөрү жазган руникалык жазууларда, кыргыз жаштары Кытай жана кидандар курган Ляо мамлекеттеринде билим алгандыгы кабарланат.

Жазма булак маалыматтарына ылайык, орто кылымдагы Кыргыз каганатында билим маселесине зор маани берилгендиги байкалат. Чыгыш авторлору жана кыргыздар өздөрү жазган руникалык жазууларда, кыргыздын жаштары Кытай жана кидандар курган Ляо мамлекеттеринде билим алгандыгы кабарланат.

Жазма булак маалыматтарынын кыйыр маалымдоолоруна караганда, кыргыздардын билимге шыктуу жана келечекте мамлекет ишине жөндөмдүү жаштары Кытай борбору Чаньянда окуп билим алышкан. Мындай бүтүм жасоого эки далилди келтирсек болот. Биринчиден, жазма булак маалыматтары кыргыз жаштарынын Кытайда билим алгандыгы туурасында кыйыр да болсо кабар берет. Экинчиден, Кыргыз каганатынын башкаруу бийлик аппараты башка түрк тилдүү калктардын мамлекеттик түзүлүшүнөн айырмаланып Кытайдын Тан династиясыныкы шекилинде уюшулган.

Эми ушул жоболорго байланышкан тарыхый фактыларды талдап көрсөк. Кыргыздардын чыгаан уулу Төр апанын урматына орнотулган Берге эстелигинде, каарман өзүнүн “он беш жашында Кытай ханына баргандыгын жана жөндөмдүүлүгүнө жараша Табгач ханынын тарбия алгандыгын баяндайт”.

Төр апа Кыргыз каганатындагы жогорку бийлик кызматында иштеп, iчракi титулуна татыган. Эстеликтин оң тарабынан онунчу сабында Төр апа “өзүнүн шыктуулугу менен баатырдык касиетинен улам Кытай мамлекетинен алтын, күмүш, баалуу кездемелер менен кошо адамдарды алгандыгын кабарлайт. Балким, мында кытай жазма булактарындагы – кыргыздар “мекендештери Кытайда экендигин билишкенде дайыма борборго келип турушкан” деген маалымат, Бэрге эстелигинин каарманы Төр апанын Тагбач же Кытай өлкөсүнөн адамдарды алдым деп айтканына үндөшүп кетет. Кыязы, кыргыздын Төр апага окшогон уулдарынын ордодон билим алчу мезгили кытай элчиси Ван и Хундун Кыргыз мамлекетине алгачкы жасаган элчилик мезгилинен тарта, же кыргыз башкаруучусу Шибоцюй Ачжандын Тан ордосуна расмий визитинин натыйжасы болушу мүмкүн.
XS
SM
MD
LG