Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

ЫҢКЫЛАПТЫН БИР ЖЫЛДЫГЫ, АСКАР АКАЕВДИН КАЧЫШЫ, ЖАҢЫ БИЙЛИКТИН КАТАЛЫКТАРЫ, АКТАНГАН АМАНБЕК КАРЫПКУЛОВ


24- марттагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары ыңкылаптын бир жылдыгына карата түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

24- марттагы “Агымга” берген маегинде "Президенттин тегерегинде кошоматчылар менен уурулар толуп кетти" дейт өлкөнүн өнөржай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев.

Кыргызстанды курутуп келген айрым адамдар бийликте отурат. Мындай катачылыктар көп. Кыргызстандын ырыскысын талагандар кайрадан Акүйгө толуп баратат. Мага да жакпай атат. Президент ишенчээк адам экен, дейт министр Алмаз Атамбаев.

“24-март ыңкылабы өз максаттарына жетпеди. Анткени, эски бийликтин кесепеттери болгон коррупция, жек-жаат, авторитаризм, жалпысынан мамлекеттик бийликтин алсыздыгынан айрыла алган жокпуз. Украина, Грузиядагы революциялардан айырмаланып, 24-март - бүтөлек ыңкылап деп эсептейбиз. Революциянын бүтөлектигинин дагы бир далили - азыркы өкмөттө жаңы адамдардын аздыгы, жаштардын жоктугу, тескерисинче, убагында мурдагы президентке өтө жакын болуп алдым-жуттум менен булгангандардын жаңы өкмөттө, парламентте былк этпей олтурушу,-”дешет "Кыргызстандын жаш саясатчылар форумунун" мүчөлөрү “Агымдагы” кайрылуусунда.

Бир жылдыктын биографиясы же кыргыздай эл бар бекен?.. деген тема менен журналист Жеңиш Эдигеев өткөн окуяга сереп салган.

24- марттагы элдик ыңкылап коррупцияланган үйбүлөлүк бийликти кулатты” деп жазат бүгүнкү “Аалам” гезити. “Ыңкылап мага эл толкуса сел болоорун,элдин колунда бийлик көп экенин, кимге ишенсе аны колдоорун далилдеп берди. Бирок эл алданып да калат экен” дейт “Асаба” партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева.

“Элдик ыңкылап Таласта тутанып, эстафетасы Жалалабатта жалбырттаган” деп ынкылаптын тарыхын баяндайт “Ааламдын” кабарчысы Рыскелди Момбеков.

24- марттагы “Кыргыз руху” гезити ыңкылаптын каармандары Курманбек Бакиев, Феликс Кулов жана Алмаз Атамбаевдин бейенисине сүртүмдөрдү беришти. “Кулов менен Бакиев да Аскар Акаевдин бийлиги учурунда өз тарыхый миссияларын аткарды. Анүчүн аларды Акаевдин кадрлары дегенибиз калпыстык болор. Кеп- алардын бүгүнкү тарыхый миссиясында. Алар аны кандай аткарат, аны убакыт көрсөтөт” деп жазат “Кыргыз рухунун” редактору Болотбек Таштаналиев. “Бийликте ыңкылапчылар калбай калды” дейт ушул гезитке берген маегинде Ош облусунун мурдакы губернатору Анвар Артыков.

“Аксы окуясына аласа- бересем да, тиешем да жок” дейт президенттин администрациясынын мурдакы жетекчиси Аманбек Карыпкулов 24-марттагы “Айгай” гезитине берген маегинде.

24- марттагы “Жаңы ордо” жумалыгы бул санын ыңкылаптын бир жылдыгына арнады. 24- март, ыңкылап күнү Аскар Акаев өзү Акүйдө жок болчу. Резиденцияда качканга камданып турган. Бул- факт. Бирок кудум жанында тургансып, оозунан жыттап көргөнсүп, “демонcтранттар аянтта мас болуп,баңги сайынып келди” дейт. Жеке мен ошол күнкү окуянын катышуучусу катары мас болгон бир да кишини коргөн жокмун” дейт ыңкылапчы Жоробек Мурадилов.

“Элдик ыңкылап болбосо, Аскар Акаев бийликтен кетмек эмес” дейт 24- марттагы “Кыргыз туусуна” берген маегинде Жогорку кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров.

24- марттагы “Бишкек таймс” жумалыгында “аеосуз куугунтуктоолор, адилетсиз шайлоолор, “Алга, Кыргызстандын” аша чапкан иштери, коррупция, жакырчылык, паракорлук, жумушсуздук, Аксы окуясы элдик ыңкылапка алып келди” дейт профессор Ишенгүл Болжурова.

“Ат тезегин кургатпай Аскар Акаев жазат салам кат” деген тема менен 24- марттагы “Эркинтоо” гезитине кабарчы Сакы Садыковдун макаласы жарык көрдү. “элдин кыжырын көп кайната бербей тынчсызаңыз боло экс- ажо” деп жыйынтыктайт макаласын автор.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG